Москвадагы атайын жайда 91 кыргызстандык мигрант кармалып турат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүМигранттар. Архив
Мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчиликтин кызматкерлери мекендештер менен баарлашып, кармалуунун себептерин түшүндүрүп беришти. Кыргызстандыктар үчүн түшкү тамак уюштурулду.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Россиянын Федералдык миграция кызматынын чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайында Кыргызстандын 91 жараны кармалып турганын Москвадагы кыргыз элчилиги билдирди.

Предновогодняя Москва - Sputnik Кыргызстан
КРдин Россиядагы элчилиги жарандарды сак болууга чакырат
Маалыматка ылайык, 23-декабрь күнү элчиликтин кызматкерлери кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте аталган жайга барып келишкен. Мекендештерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, ар бир жаран менен жеке сүйлөшүп чыгышкандан кийин узакка кармалуунун себептерин түшүндүрүп беришти. Аларга ысык тамак уюштурулду.

Атайын жайдын төрага орун басары дипломаттарга мекеменин ишинин жакшырганын, чет элдик жарандарды кармоо мөөнөтүнүн кыскарганын айтып берди.

23-декабрга карата аталган жайда Кыргызстандын 91 жараны кармалып турса, анын 10у кармоо учурунда өздөрүн башка ысым менен тааныштырышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0