КР жарандары Россияда милдеттүү медициналык камсыздандырууга мүмкүнчүлүк алышат

© Sputnik / Тарас Литвиненко / Медиабанкка өтүүВыдача российских полисов ОМС в Симферополе
Выдача российских полисов ОМС в Симферополе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан жарандарынан сырткары социалдык кепилдикти Белоруссия, Армения жана Казакстандын жарандары да ала алышат.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Россияда иштеп жүргөн Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жарандары 2017-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү медициналык камсыздандыруу кызматын пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) маалымат кызматы билдирди.

Мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы атайын жайда 91 кыргызстандык мигрант кармалып турат
ЕЭК аталган биримдикке мүчө мамлекеттердин жарандарына Россиянын аймагында медициналык жардам алууда бирдей укукту камсыз кылуу жаатында иштерди аткарган. Комиссия б биримдикке мүчө мамлекеттер менен кеңешме өткөрүп, тараптар ЕАЭБ жөнүндөгү келишимди сактоо керектигине макулдугун билдиришкен. Ошентип октябрь айынын аягында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги милдеттүү медициналык камсыздандыруунун эрежелерин өзгөртүү боюнча буйрук чыгарган.

"Россия тараптын мындай чечиминен улам ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келип иштеп жаткан мигранттар россиялык жарандардай эле социалдык кепилдиктерге ээ боло алат", — деди ЕЭК коллегиясынын мүчөсү (министр) Карине Минасян.

Келишимге ылайык аталган төрт мамлекеттин жарандарына пенсиядан тышкаркы бардык социалдык камсыздандыруу берилет. Буга чейин ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары Россиянын милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасына катыша алчу эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0