Мелис Турганбаев Чодронова, "Достуктагы" операция жана кылмыштуулук тууралуу айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-министр внутренних дел, вице-президент Федерации спортивной борьбы КР Мелис Турганбаев
Экс-министр внутренних дел, вице-президент Федерации спортивной борьбы КР Мелис Турганбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрмөдөн качкан Алтынбек Итибаевди жок кылуу боюнча операциясы, эмне "Коопсуз шаар" долбоорунун иштебей калышы, журналист Турат Акимовго кол салуу жана башка көп нерселер жөнүндө Кыргызстандын мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине берген эксклюзивдүү маегинде айтып берди.

Жакында Мелис Турганбаев Польшада өткөн эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнөлүк мелдештен коло медаль алып кайтты. 

КРдин мурунку ички иштер министрин маекке чакырууга турнирдеги татыктуу таймашы себеп болду. Бирок Sputnik Кыргызстан кабарчылары Таалай Ороскулов менен Эркин Алымбеков спортко тиешеси жок айрым бир суроолорду да бербей коё алган жок. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМелис Турганбаевдин Польшада өткөн эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнөлүк мелдештен утуп келген коло медалы
Экс-министр внутренних дел, вице-президент Федерации спортивной борьбы КР Мелис Турганбаев - Sputnik Кыргызстан
Мелис Турганбаевдин Польшада өткөн эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнөлүк мелдештен утуп келген коло медалы

Мелис Турганбаевдин жашоосундагы спорт

— Саламатсызбы, Мелис Токтомамбетович! Айтыңызчы, ардагерлер арасында эркин күрөш боюнча дүйнөлүк мелдешке кандайча катышып калдыңыз? 

— Көптөн бери ойлонуп жүргөм. Иштеп жүргөндө да күн сайын эки саат машыкканга дайыма убакыт тапчумун. Май айында отставкага чыккандан кийин катуу даярдана баштадым. Өзүмө максат койгом. Союз учурунда эле таймашта жаман эмес болчумун. Өзүмдү сынагым келди. Анан калса, мен 1998-жылдан бери республиканын спорт күрөшү боюнча федерациясынын вице-президентимин. Аябай көп таланттуу балдарды тарбияладык, бирок акыркы кезде спорттон жолубуз болбой жүрөт. Ошон үчүн мен өзүм үлгү көрсөтсөм дедим. 

— Кыйналдыңызбы? 

Мелис Турганбаевдин ардагерлер арасындагы чемпионатка даярданып жаткан учуру - Sputnik Кыргызстан
Мелдешке барчу Мелис Турганбаев буттан чалып, көтөрүп чабуу ыкмаларын көрсөттү
— Мен жакшы эле даярдандым деп ойлогом. Спорттук даярдыгым жакшы, кайратым күчтүү болчу. Анан жөнөдүм. Ал жакка баргандан кийин такыр башка дүйнөгө туш болгонсудум. Ошого жараша ыңгайлашууга туура келди. Көрсө, баары аябай даярданып, сөзсүз жеңсек дешет экен. Мен килемге чыкпаганыма 35 жыл болгон. Биринчи кармаш аябай оор болду. Менин атаандашым түрк балбаны бул чемпионатты эки жолу утуп алган неме экен. Катуу тирештик. Бирок мен 4:2 менен жеңип алдым. Экинчи беттешке япон балбаны менен чыктым. Анда өзүм ката кетирип койдум. Бирок 1:0 эсеп менен алдыда келе жаткам. Эски жаракаттарым — мурдагы чоюлуп калган тарамыштар, ооруксунган сөөгүм таасир этти. 

— Качан күрөшө баштадыңыз эле?
— Бешинчи класстан баштап. 

— Польшалык балбан менен кармашып жатканда, тебе чалган ыкмаңыз күтүүсүз болду. Муну кокустан жасадыңызбы же алдын ала ойлонулганбы? 
— Бул менин мыкты ыкмам. Бала кезимде эле аны күрөштө колдончумун. Өзүнөн өзү жасалып кетти. 

— Менин билишимче, сиз экономистсиз. Милиция мектебин кийин бүтүргөнсүз. Азыр бухгалтердик китепти колго алып, эсеп жүргүзө аласызбы? 
— Ананчы! Тарыхта мен КРдин ички иштер министри болгон алгачкы экономистмин. Экономист-менеджер бардык жерде зарыл. Министр министрликти өнүктүрүшү керек. Ал эми эрк, умтулуу — бул спорттон. 

— Сиздин да кулактарыңыз сынды беле?
— Албетте. Пластикалык операция жасаткам. Бир аз. Ленинградда окуп жүргөндө. Менимче, бир аз начарыраак жасап коюшкан. 

— Биздин же чет элдик саясатчылардан кимди килемге чакырат элеңиз?
— Эч кимди. Спорт менен саясатты аралаштырып болбойт. Өзүмдү саясатчымын деп эсептебейм. Эч качан антип ойлогон да эмесмин. 

"Коопсуз шаар" долбоору

— Эмне себептен Коопсуз шаар долбоору али иштей элек? Эгер бул "баарын көргөн көрөгөч" иштей турган болсо, абал коомдун көзөмөлүндө болот деген пикир бар. Ошондо жол милициясы пара ала албай, өз жетекчилигинин "астынан өтүп турмай" адаты калат дешет. Чын эле ошондойбу? 

— Мен бул долбоордун алгачкы демилгечилеринин бири болчумун. Бул 2010-жылдагы окуялардан кийин болгон. Мен аябай көп шаарларда болдум. Кытайда да, Кореяда да. Ал жакта унааны айдап качкандар да дароо кармалып, камерага тартылып калган тартип бузуулар үчүн айып түрүндө түшкөн акчалар да жаман эмес экен. Мунун баары биздин планда болчу. Бирок биз тендерди коррупциясыз өткөрүшүбүз керек да. Ал жакта коррупциялык схема иштеп, мени кол кой деп жатса, кантип кол коём. Мен ал тендерди өткөргөн эмесмин. Биз утуп чыккан фирманы иликтеп көрдүк. Күмөндүү нерселер ушунча көп болуп чыкты. Менин өтүнүчүм боюнча Россиянын ИИМиндеги кесиптештерим да текшеришкен. Акчасы жок фирмага кантип тапшырык берсе болот деп ойлодум. Биз баарын эсептеп көрүп, баалар жакшы эле таразаланган экенин да аныктаганбыз. Анан кантип ошол 65 миллион долларга баалансын? Бул Бишкек, Чүй облусу, Ысык-Көл облусу. Биздин эсеп боюнча, эң көп дегенде 25 миллион доллар болмок. Биздин жарандардын акчасы кетмек да. 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: "Коопсуз шаар" долбоорун жергиликтүү органдар каржылайт
Биз акчанын 51 пайызын жеке компанияга беришибиз керек эле. Калганы шаардык казынага кетмек. Эсептеп көрүп, өзүбүз деле жасай алмак экенбиз деген тыянакка келгенбиз. 10 миллион сом сурадык. Эмне, мамлекет шаар үчүн ошончо акча бөлө албайт беле? Бирок баары бир кол койбой коюшкан. Ошондой эле ишти Алматы менен Астанада аткарган түштүк кореялык фирма сонун иштеп жатат. Ал жакта шаардын мэри шаар кызматтары кандай иштеп жатканын кабинетинен чыкпай эле көрө алат. Ал фирманы мен да чакыргам. Эмне үчүн тендерге катышпаганын сурадым. Алар тендердик комиссия акча сурашты дешти. Инвесторлор таң калган бойдон кетип калышыптыр. 

— Эгер ИИМ башчысы столду бир коюп бул маселени чече албаса, анда ким чечет? 

— Мен ал кезде иштебей калган болчумун. Тендердик комиссия түзүлүп, конкурс аяктагандан кийин, мага келип, кол кой дешти. мен кандай ишке барып жатканымды билишим керек эле да. Карап чыктык. Өтө көп коррупциялык көрүнүштөр аныкталган. Мен кол койгондон баш тарттым. Ал жерде бир нече миллиондук пара бар болчу. Алар муну жакшы билишет. 

— Алар деген ким? 

— Тендердик комиссиянын төрагасынан тартып, калган бардык катышуучулар. Алардын баары жакшы билет. Мен эмне үчүн кол коюшум керек? Бир күнү ал долбоор иштебей калса, мен ал фирма үчүн жооп берип калмакмын да. Ошон үчүн бул маселени биз өз күчүбүз менен чечтик. Албетте, алар мени кол койбой жатат деп болгон эшиктин баарын кагып, бардык жерге жазышты. Бирок өзүлөрү негиздүү эч нерсе айта алышкан жок. Мен аларды өзүмө канча чакырдым. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев: Мен "Коопсуз шаар" долбоорунун алгачкы демилгечилеринин бири болчумун
Экс-министр внутренних дел, вице-президент Федерации спортивной борьбы КР Мелис Турганбаев - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев: Мен "Коопсуз шаар" долбоорунун алгачкы демилгечилеринин бири болчумун

Милиция криминал менен чырмалышып калганбы? 

— Сиз 1986-жылы кызматкер катары болуп, ИИМ башчылыгына чейин көтөрүлдүңүз. Ушул жылдар аралыгында ката кетирген учурларыңыз болдубу? 
— Ката болгон жок деп ойлойм. Мага бүгүн эч ким туура эмес жасагансың деп бир да ишиме доомат коё албайт. 

— 90-жылдары милиция бандиттер менен табакташ кеткен эле. Бул жагынан тазамын деп айта аласызбы? 
— Мен эч качан андай иштерге аралашкан эмесмин. 

— Пара да эч качан алган эмессизби? 

Мелис Турганбаев: мурда соттолгон кишилер милицияга кирип кеткенин аныктап жатабыз
— Эч качан алган эмесмин. Бандиттер менен мышык-чычкан ойногонго болбойт. Канчалаган жогорку даражалуу милиция кызматкерлери ошонун азабын жеди. Акаевдин да, Бакиевдин тушунда ошентип от менен ойношкон. 

Азыркы бийлик антпей калды. 2010-жылдан кийин биз көбүн жок кылдык. Көбү качып кетишти. 2000-жылдан 2010-жылга чейин канча балдар курман болду. Атайын өлтүрүлгөндөр канча. Биз тартипке келтирдик. Азыркы маяна, азыркыдай шарт менен болсо да жамандыр-жакшыдыр жасай алдык. Ал эми пара алып жатышса, андайга түртүп жаткан биз өзүбүз. Жарыбагандай айлык алышат. Азыр жок дегенде милиционерлерге үй бере башташты. Качан мындай болчу эле? Техникалык мүмкүнчүлүктөрчү? Качан бизге премьер 86 унаа берди эле. 1997-жылдан бери биз деги эле бир техника алган эмеспиз. 

— Пара албашы үчүн милиционердин маянасы канча болуш керек? 
— 40 миң сом алса, жетиштүү. Ошондо алар ак иштейт. 

— Японияда каатчылык болгондо, баарынан мурун компания башчысынын айлыгын кесет экен. Сиз башкалардын маянасын көтөрүү үчүн өзүңүздүкүн кыскартканга макул болот белеңиз? 
— Эмне, менин айлыгым көп болчу дейсизби? 53 миң сом. 

— Бул азбы?
— Генералдын 53 миң сом алганы көппү? Россияда, Казакстанда канча аларын карап көрүңүз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМелис Турганбаев: генералдын 53 миң сом алганы көппү? Россияда, Казакстанда канча аларын карап көрүңүз
Экс-министр внутренних дел, вице-президент Федерации спортивной борьбы КР Мелис Турганбаев - Sputnik Кыргызстан
Мелис Турганбаев: генералдын 53 миң сом алганы көппү? Россияда, Казакстанда канча аларын карап көрүңүз

Жол эрежесин бузган Назик Чодронова жөнүндө 

Ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турганбаев: жол эрежесин бузган тууганым башкалардай эле мыйзам чегинде жооп берет
— Сиз маектериңиздин биринде Назик Чодронова деген ким экенин билбейм деген элеңиз. Сизди, мындайча айтканда, сатып кеткенден кийин, аны таап эмнеге атыңызды жамынганын сурагыңыз келген жокпу? 

— Мен дайыма чындыкты айтам. Мен аны такыр таанычу эмемин. Мени спортко, кызматыма байланыштуу Кыргызстанда эле эмес, мурунку союздун бардык жеринде билишет. Мен ал кызды ошол окуяга чейин да, андан кийин да жолуктурган эмесмин. Бул өтө күтүүсүз болду. Барып ким экенин билип келгиле деп балдарга тапшыргам. Эшигин ачпаптыр. Кыязы, чатак адам көрүнөт. Жайына койдук, балдарга, болуптур, жөн койгула дегем. 

— Демек, сизди тааныбагандын баары эле милицияга кабылганда, "азыр Мелис байкеме чалам" дей берсе болот турбайбы? 

— Эми, эгер ал эркек болгондо, башкача сүйлөшмөкмүн. Ал аял киши экен…эки-үч жолу балдар барса, энеси чыгып кыйкырык салыптыр… 

— Унаанын айнектерин караңгылатканга кандай карайсыз? Сиз ИИМде иштеп турганда машинаңыз таптакыр караңгы экенин көп көргөм. 

— Мага караңгылатуу керек. Деги эле, андайга же такыр тыюу салып, же толук уруксат бериш керек деп ойлойм. Бизге караңгылатканды сатууга уруксат бергиле, номерлер деле сатылып жатпайбы деген сунуш келген. Бир жыл сатса болмок. Андан түшкөн акчага жолдорду, светофорлорду жасап алмакпыз. 

— Сиз күн сайын шаарда жүрөсүз, айдоочулардын жүрүм-турумун байкайсызбы? 

— Бизде көпчүлүгү машина айдаганды билбейт. Айрыкча бустун айдоочулары. Канча фирма иштерин билесизби? Менин уулум катышкан бир жол окуясы болгон. Бус артынан келип уруптур. Кудай жалгап, киши жабыркаган эмес. Тиги унааны текшерсе, тормозу иштебейт экен. Дагы ошондой бир тормозу бузук бустун айынан адам курман болгон. Айыпкерди кармашса, айдоочунун күбөлүгү жок болуп чыкты. Кантип айдап жүрөсүң десем, ал "атам кечээ ичип коюптур, мен бүгүн анын ордуна айдап чыккам" дейт. Бул текшерүү учурунда болду. Мен техникалык кароону жойбош керек деп маселе көтөргөм. Калкты тейлөөчү техника оңураак болушу керек. Алардын өз базасы, дарыгери болушу зарыл. Совет учурунда айдоочуну иш алдында дарыгер текшерчү. Кан басымын өлчөчү. Азыр андай жок. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМелис Турганбаев: эгер Назик Чодронова эркек болгондо, башкача сүйлөшмөкмүн. Ал аял киши экен… эки-үч жолу балдар барса, энеси чыгып кыйкырык салыптыр…
Экс-министр внутренних дел, вице-президент Федерации спортивной борьбы КР Мелис Турганбаев - Sputnik Кыргызстан
Мелис Турганбаев: эгер Назик Чодронова эркек болгондо, башкача сүйлөшмөкмүн. Ал аял киши экен… эки-үч жолу балдар барса, энеси чыгып кыйкырык салыптыр…

Активист Болот Ибрагимов жана Турганбаевдин муштумдары 

— Болот Ибрагимов сыяктуу активисттерге кандай карайсыз? 

— Алар кээде туура нерселерди айтышат, бирок кээде апыртып жиберишет. Кыязы, жеке амбициялары болсо керек. Дегинкиси, туура эле. Андай активисттер болушу керек. Мисалы, мен күрөшкө катышкан Польшада эч жерден полиция, МАИ дегендерди көргөн жокмун. Мунун баары кандайча иштейт деп сурадым. Алар баарыбыз бири-бирибизди көзөмөлдөйбүз дешет. Коомдук көзөмөл. Дайыма бири-бирибизди тарбиялап турабыз дейт. 

— Ибрагимов кайсы жагынан аша чабат? 

Бензин жок калды соцэксперименти: Болот Ибрагимов айдоочулардын акча сурады - Sputnik Кыргызстан
"Бензин жок калды" соцэксперименти: Болот Ибрагимов айдоочулардан акча сурады
— Билбейм. Саясатташып жибергенсийт. Кээде бирөөнүн тапшырыгын аткаргандай сезилет. Ал жөн гана өзүнө упай топтойт деп ойлойм. Каалаганыңды сүйлөй берсең болот. Демократия да. Жүйөлүү кеп болсо, макул. Ал эми курулай эле сөздөрдү айтып, бирөөнү айыптай берсе, кандай болот. Мындайды административдик жактан да караш керек деп ойлойм. Эмне үчүн бири-бирибин ургулайт дейсиз? Бирөө туура эмес сүйлөп жатса, сен эч нерсе кыла албасаң, муштаганга туура келет. 

— Сиз бирөөнү муштап көргөнсүзбү? 

— Жок. Муштагыдай учурлар болгон, бирок мен өзүмдү дайыма кармачумун. Колуң менен тийсең, андан арыла албайсың деп ойлочумун. Эгер адамдын жеке дооматы болсо, өзү келип бул же тиги туура эмес деп айта алат да. Мен өз катамды дайыма мойнума алам. Ушундай жакшы жагым бар. Менин кол алдымдагылар окуя болгон жерге өз убагында чыкпай же кандайдыр бир жаңылыштык жасаган учурлар болгон, мен андайда дайыма өзүм басма сөз аркылуу өз карамагымдагылар үчүн кечирим сурачумун. Себеби ИИМдин башчысы элем да. 

— Сизди өз кызматкерлерин дайыма жактап, коргоп турат деп айтышат. ИИМди жетектеп турганда аларды калкалап, коомчулуктун талоонуна калтырбаганга аракет кылчусуз. Бирок айыпкерлерди өз кабинетиңизде муштум менен жазалачу дешет. 

— Жок, андай эмес. Мен өз балдарма да катуу сүйлөбөйм. Жөн гана сүрдүү көрүнгөнүмдөн ошентип айтышса керек. 

Журналист Турат Акимовдун иши 

— Сиз журналист Турат Акимовдун ишин териштирем деп убада кылган элеңиз. Ага кол салганды таап, журналист негизсиз айыпталып жатканын далилдейм деп сөз бергенсиз. Бирок бул иш аягына чыккан жок. Жок дегенде, бир натыйжа барбы?

— Иштеп жатышса керек. Мен кеттим да. Ал жактын да бир саясаты бар. Турат Акимов менен эч качан сүйлөшкөн эмесмин. Мүмкүн, бир жерден көргөндүрмүн. Экинчиден, ал эч качан мен жөнүндө жаман деп да, жакшы деп да жазган эмес. Ага мен эмнеге кол салдыртышым керек? 

— А жаман жаман жазышса, кол салдыртат белеңиз? 

— Эч качан. Каалаган журналисттен сурап көрүңүз, көбү мени сыйлашат. Мен эмнеге аларга кол салдыртат элем? Эч негиз жок. Анан дагы… биз курал тапканбыз. Ичке темир — арматура болчу. Ал эми маалымат жыйынына болсо Акимов башка арматураны көтөрүп келиптир. Ошол кантип болсун. Кадыр-барктуу эле журналист элди алдабашы керек. Бул бирөөнүн тапшырыгы болсо керек. 

— Сизди көп коркутушабы?

Медет Садыркулов каза болгон унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы унаа жардыруулар жана чуулуу жол кырсыктары
— Эч ким даабайт. Душманым көп. Ойлоп көргүлө. 2010-жылдан кийин Бакиевдин жүзүн ким ачты? Бийликти басып алышты деп көпчүлүгү айткан. Мен Жалал-Абадда экенде жергиликтүү элдин көбү анын жасаган кылмыштарына ишенген эмес. Ал эми анын кылыктарынын бети ачыла баштаганда, мисалы, Садыркулов жөнүндө (президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов 2009-жылы 13-мартта өлтүрүлгөн — ред.) билингенденден кийин эл башкача кабыл алып калган. 

Мен, атүгүл, Садыркуловго: "Сизди өлтүрткөнү жатышат. Шашылыш маалымат бар", — деп айткам. Өлкөдөн кетишин сунуштагам. Бир жумадан кийин мени Жаныш Бакиев өзүнө чакырып алып: "Мелис, биз макулдашпадык беле. Эмне сен Медетке кызмат көрсөтүп жатасың?" — дейт. Демек, бардык жерде аңдып, тыңшап жүрүшкөн. Сыргакка ("Репортер-Бишкек" гезитинин мурдагы баяндамачысы Сыргак Абдылдаевге 2009-жылдын март айында кол салышкан — ред.) 14 жолу бычак урушкан. Мунун да бетин биз ачканбыз. Павлюк чынында кантип өлтүрүлгөнүн да (көз карандысыз журналист Геннадий Павлюк 2009-жылы 22-декабрда өлтүрүлгөн — ред.) биз аныктаганбыз. 

"Достук" кичи районундагы атайын операция

— Түрмөдөн качкандардын акыркысы Алтынбек Итибаевди кармоо боюнча "Достуктагы" атайын операция учурунда милиционерлер, албетте, азаматтык кылышкан. Алардын эр жүрөктүгү туурасында бизге ал жердеги "Тез жардамдын" дарыгерлери айтып беришкен. Бирок үч адам каза таап, алардын экөө карапайым эле кишилер болуп чыкты. Кайсы жерден жаңылдыңыз? Эмне үчүн террористтерди кармоодо УКМКнын адистешкен "Альфа" тобу иштеген эмес? 

— Ал жерде операция өтө кылдат жана так, атүгүл, менимче, мыкты жүргүзүлгөн. Карасаңар, Францияда, Америкада, бардык жерлерде мындай учурда жүздөгөн карапайым адамдар өлүп жатат. Бизде эки киши каза болду. Биз жашоочулардын баарын толук чыгарып кеткенбиз. Бирок ал экөө чыккысы келбесе, биз эмне кылмакпыз? Кылмышкер тынбай атып жатса. Астында жашагандардын көбү далдаа жерде жашынып отурдук дешти. Биз үн күчөткүч аркылуу жарыялаганбыз. Туугандары аларга чалып: "эй, отура тургула, азыр кармашкан соң чыгасыңар" деп жатышты. Биз баарын талаптагыдай аткардык. 

Үч кишинин өмүрүн алган Итибаевди кармоо операциясынын хронологиясы
Ал эми Ыкчам чара көрүүчү атайын топтун кызматкеринин каза болушу башка маселе. Бирок "Альфабы" же ИИМдин атайын тобу болобу, айырмасы жок. Биз качкынды кармап жатканбыз. Эл ошондо биз кылмышкерлердин баарын 10 күндүн ичинде кармаганыбыз үчүн рахмат айтышкан. Бош жүрсө, кесепети андан да көп болмок. Дасалардан канча издедик. Күнү-түнү жүрдүк. Балдар өтмө катарына чейин суу болушту. Мен операция жакшы өткөн деп эсептейм. Каза болгондордун туугандары да туура түшүнүштү кийин. Жөн гана айрым журналисттер менен адамдар муну саясатка айлантып жиберишкен. Жөндөн жөн эле кызматкрлерди күнөөкөр кылып жатсак, ким иштегени барат (ИИМге —ред.).

Жаңылыктар түрмөгү
0