Москва — Бишкек каттамы. "Жуковский" кыргызстандыктарды кантип тосуп алат

Жазылуу
Жуковский жаңы аэропортунан "Манас" аба майданына Москва — Бишкек каттамы биринчи ирет 21-декабрда жасалган.

Эл аралык "Рампорт Аэро" авиация холдингинин өкүлү Галина Тельпиз жаңы каттам жүргүнчүлөр арасында жакшы кабыл алынарын айтты.

"Биздин иликтөөлөргө караганда Россияда жүргөн Кыргызстандын көп атуулдары Люберцы, Котельники аймактарында жашагандыктан, алар негизинен "Жуковский" аркылуу учат деген ниеттебиз. Мындан сырткары, аталган жерден аба майданга автотранспорт менен жетүү алда канча арзанга түшөт", — деди Тельпиз.

Ал "Жуковскийге" метро жана электричка менен жетсе болорун кошумчалады.

"Кыргызстандыктар метро менен Котельник станциясына чейин жетип, андан ары "Жуковскийге" чейин шаттл-бас менен 40 мүнөттө жетет. Билеттин баасы болгону 79 рубль, ал жакта Москвадагы жүргүнчү билеттерин колдонсо да болот. Автобус жаңы, жылуу, жүк кенен батат. Майыптардын катташы үчүн да ыңгайлуу", — деди менеджер.

Электричка менен Казань вокзалынан акыркы станцияга чейин барып, "Жуковскийге" такси менен андан ары жетип алыш үчүн 10 мүнөткө жакын убакыт кетет деп түшүндүрдү ал. 

Учак билетин эки тарапка 140 долларга (10 000 сомго чукул) интернет аркылуу да сатып алса болот.

© Sputnik / Табылды КадырбековМосква. "Жуковский" аба майданындагы мекендешибиз
Москва. Жуковский аба майданындагы мекендешибиз - Sputnik Кыргызстан
1/10
Москва. "Жуковский" аба майданындагы мекендешибиз
© Sputnik / Табылды КадырбековАэропорттун залдарынын бири
Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
2/10
Аэропорттун залдарынын бири
© Sputnik / Табылды КадырбековАба майданга кирип келе жаткан эркек кишини коопсуздук үчүн текшерип жатышат
Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
3/10
Аба майданга кирип келе жаткан эркек кишини коопсуздук үчүн текшерип жатышат
© Sputnik / Табылды КадырбековАба майданда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн заманбап жабдуулар орнотулган
Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
4/10
Аба майданда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн заманбап жабдуулар орнотулган
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Жуковский" аэропортундагы жүргүнчүлөр каттоодон өтө турган жер
Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
5/10
"Жуковский" аэропортундагы жүргүнчүлөр каттоодон өтө турган жер
© Sputnik / Табылды КадырбековСапарлаш жүргүнчүлөр
Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
6/10
Сапарлаш жүргүнчүлөр
© Sputnik / Табылды КадырбековАлыстан келе турган адамды күтүп...
Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
7/10
Алыстан келе турган адамды күтүп...
© Sputnik / Табылды КадырбековАба майдандагы жашыл аймак
Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
8/10
Аба майдандагы жашыл аймак
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанга жөнөй турган болсоңуз, билетти интернет аркылуу алууга да болот
Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
9/10
Кыргызстанга жөнөй турган болсоңуз, билетти интернет аркылуу алууга да болот
© Sputnik / Табылды КадырбековУчак билети эки тарапка 140 доллар (10 000 сомго чукул) турат
Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
10/10
Учак билети эки тарапка 140 доллар (10 000 сомго чукул) турат
Жаңылыктар түрмөгү
0