Атамбаев РФтин Түркиядагы элчисинин өлтүрүлүшүн теракт деп атады

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19-декабрда Анкарада өтүп жаткан сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде россиялык элчи Андрей Карловго ок атылып, ал каза болгон.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Владимир Путинге Россиянын Түркиядагы элчисинин ок жеп каза болгонуна байланыштуу көңүл айтканын КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 19-декабрда Анкарада өтүп жаткан сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде россиялык элчи Андрей Карловго ок атылып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Алган жараатынан улам дипломат көз жумган.

"Россиянын Түркиядагы толук ыйгарымдуу элчиси Андрей Карловдун кыянаттык жана зөөкүрдүк менен кол салуудан улам каза болгонун терең кайгыруу менен кабыл алдым", — деп айтылат маалыматта.

Телеграммада Кыргызстан Россиянын расмий өкүлүнө жасалып жаткан бул террордук аракетти катуу сындап, жакын арада бул кылмыштын бети ачыларына ишеним артары белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0