Кыргызстандын ТИМи Түркиядагы орус элчисинин өлтүрүлүшүн кескин сынга алды

© AP Photo / Burhan OzbiliciВооруженный мужчина рядом с телом посла России в Турции Андрея Карлова в галерее в Анкаре
Вооруженный мужчина рядом с телом посла России в Турции Андрея Карлова в галерее в Анкаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев орус дипломатына болгон куралдуу кол салууну теракт деп баалады.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиянын Туркиядагы элчиси Андрей Карловго жасалган кол салууну кескин сындады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлайт. 

Россия элчисине кол салуу. Жеринен алынган сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Россия элчисине кол салуу. Жеринен алынган сүрөттөр
Эске салсак, 19-декабрда Анкарада өтүп жаткан сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде россиялык элчи Андрей Карловго ок атылып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Алган жараатынан улам дипломат көз жумган. Элчиден башка үч адам жабыркаган. Ок аткан кылмышкер жергиликтүү полиция тарабынан ошол жерде атып өлтүрүлгөн. Окуя болгон жерде Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов да болгону айтылып, анын эч кандай жаракат албаганы маалымдалган. 

Өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаев буга чейин Россиянын башчысы Владимир Путинге каргашалуу окуяга байланыштуу көңүл айтып, кол салууну теракт катары баалады. 

"Арты-артынан болгон террордук актылар жана бул каргашалуу окуя биригүү зарылчылыгын көрсөтүүдө. Эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө биргелешкен аракеттерди күчөтүү керек", — деп айтылат маалыматта. 

Министирлик кол салууга байланышы бар адамдар табылып, катуу жазасын алат деп ишенерин белгилеп, Карловдун жакындарына жана туугандарына терең кайгырууу менен көңүл айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0