Бишкекти бийлей турган талапкерлер тууралуу 5 факты

© Фото / Нургазы ЧыныбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, жарыштан жеңип чыккан депутаттар мандаттарын алышты. Эми мыйзам боюнча жаңы келген жергиликтүү кеңештин депутаттары шаар башчыларын шайлашы керек.

Аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэрлигине аттангандарга 30-декабрдан 4-январга чейин убакыт берип, бүгүн талапкерлерди каттоо мөөнөтү бүттү. Шаар жетекчисин шайлоо 11-январга белгиленген. Буга чейин көпчүлүк коалициясын түзгөн КСДП, РАЖ жана "Кыргызстан" фракциялары мэрликке учурдагы калаа башчысы Албек Ибраимовду көрсөтсө, оппозициядагы "Өнүгүү — Прогресс" Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин алып чыкты

Түзүлгөн жагдайдан улам мэрликке аттангандар тууралуу кызыктуу фактыларды тизмек көрүүнү чечтик. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов
Новоизбранный мэр Бишкека Албек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов

Албек Ибраимов

  1. Эр ортону 50дөгү Албек Ибраимов кесиби боюнча экономист;
  2. Фрунзе шаарында төрөлүп, чоңойгон. Советтик армияда аскердик милдетин өтөгөн;
  3. Көпчүлүккө белгисиз болгон Ибраимовдун 2015-жылы капилеттен мэр болушу таң калтырган. Мэрликке аттанып жатканда "Коррупция" деген сөздү туура эмес жазып, Т9 атка конгон;
  4. Көп өтпөй эле жерге байланыштуу чыр чыккан. Ибраимовду "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Максим Бакиевдин жерин ээлеп, аны президентке белек кылганы үчүн мэр болду деп айыптап чыккан;
  5. Албек Ибраимов декларациясында көрсөткөндөй 2015-жылы 765 миң 533 сом айлык алган. Мындан сырткары, айыл чарба продукцияларын сатуудан 3 миллион сом тапкан.

© Фото / пресс-служба фракции "Онугуу — Прогресс"Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Нурдин Абдылдаев
Кандидат в мэры Бишкека Нурдин Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Нурдин Абдылдаев

Нурдин Абдылдаев

  1. Быйыл 52 жашка чыккан Нурдин Абдылдаев эки дипломдун ээси. Алгач экономист болсо, кийинчерээк дипломатиялык академияны аяктаган;
  2. Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышында депутат болгон;
  3. 2011-жылы Ысык-Көл облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу, үч министрликте жетекчинин орун басары болуп иштеген;
  4. Нурдин Абдылдаевдин декларацияга көрсөткөн маалыматы боюнча 2014-жылы Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп турганда 118 миң 153 сом тапкан. Белгилей кетсек, Абдылдаев 2014-жылдын май айында кызматтан кеткен. Андан бери мамлекеттик кызмат аркалаган эмес;
  5. Мэрликке талапкерлигин көрсөтүлүп жаткан Абдылдаев төрт баланын атасы.

Бишкек жана Ош шаарынын мэрлерин шайлоо жобосуна ылайык, борбор калаа башчылыгына талапкерлерди шаардык кеңештеги фракция, көпчүлүк коалициясы же премьер-министр көрсөтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы шайланып келген депутаттардын биринчи отурумунан тартып 10 күн ичинде мэрди шайлашы керек. Талапкерлер катталган соң шаардык кеңештин депутаттары жашыруун добуш берип, алардын үчтөн эки бөлүгү шайлоого катышса шайлоо өттү деп саналат. Анда көп добуш алган талапкер мэр болуп шайланат. Жаңы шаар башчынын кызмат мөөнөтү шаардык кеңештин мөөнөтү бүткөнчө жарактуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0