Күйөөсү келинчегин "көзүмө чөп салабы" деп текшерген видеону 35 миллион жолу көрүшкөн

Жазылуу
Мындан төрт жыл мурда YouTube каналына Ош облусундагы активисттер Эрлан Ильязов менен Канат Шарипбеков тарткан ролик жүктөлгөн.

Сюжет боюнча күйөөсү келинчегинин аны сүйөр-сүйбөсүн текшерип көрүүнү чечкен. Колуктусун сынаш үчүн жигит "Мен кеттим, ажырашам. Сени менен бирге жашай албайм" деп жазып, өзү дивандын алдына жашынып калган.

Бөлмөгө кирген келинчеги телефондон бирөөгө чалып жатканын көрүүгө болот.

"Алло, жаным, кандайсың. Элестет жолдошум өзү эле кетип калыптыр. Ага эмнеге турмушка чыкканымды өзүм да түшүнбөйм. Эми баары артта калды, азыр сен барсың. Бир аздан кийин жаныңа барып калам, ээ?" — деп кийинип алып эшикке чыгып кетет.

Король Малайзии Мухаммад V - Sputnik Кыргызстан
Малайзиянын мурдагы падышасы россиялык сулууга үйлөнгөнүнө өкүнүп калды
Буларды уккан күйөөсү жашынып жаткан жеринен чыгып, жаман абалда калат. Өзү жазган "балээлүү" кагазды бырыштырып, тытып ыргытайын деген учурда аялынын жазып кеткен сүйлөмүн окуп калат.

Анда "бутуң көрүнүп турат, мен дүкөнгө нанга кеттим…" деп жылмайган белги койгон.

Роликтен муну окугандан кийин жылмайып, чексиз бактылуу болуп кубанганын жаш жигиттин жүзүнөн көрүүгө болот.

Төрт жыл ичинде аталган роликти эл 35 миллион жолу көрүптүр.

Видеонун автору менен болгон маекти дагы окууну сунуштайбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0