Асынып калган дарыгердин жардамчысы анестезиолог болом деп кыялданчу

© AFP / FRANCK FIFE Медициналык аспап. Архив
Медициналык аспап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аталган окуя боюнча соттук медициналык экспертиза дайындалды.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Улуттук госпиталда асынып калган дарыгердин жардамчысы келечекте анестезиолог болом деп кыялданганын Кыргыз улуттук медициналык академиясынан билдиришти.

Окуя кечээ күндүз болгон. Милиция аталган фактыны суицид катары каттоого алган.

Окуу жайдын билдиришинче 25 жаштагы жигит анестезиология жана интенсивдүү терапия кафедрасында ассистент болуп иштечү.

"Тааныштары аны жакшы жагынан гана эскеришүүдө. Жакшы окуп, англис тилин жакшы билчү. Келечекте анестезиолог болууну каалап келген. Андан сырткары адабий көркөм чыгармаларды окуганды жактырчу", — деп айтылат маалыматта.

Медициналык академия маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0