Мэрия: карантин жазгы каникулдун эсебинен толтурулушу мүмкүн

© Sputnik / Юрий Стрелец / Медиабанкка өтүүНачало учебного года в Самаре
Начало учебного года в Самаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык мектептерде билим алган окуучулар арасында сасык тумоого чалдыккандардын саны өсүп, карантинге жабылды.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкектеги сасык тумоонун айынан берилген эс алуу күндөр жазгы каникулдун эсебинен болушу мүмкүн. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Эске сала кетсек, буга чейин сасык тумоого чалдыккандардын санынын өсүп кетишине байланыштуу Бишкектеги мектептер карантинге жабылган.

"Карантин бүткөндөн кийин окуучулар күчөтүлгөн режимде окушат. Же болбосо бул күндөр жазгы каникулдардын эсебинин толтурулушу мүмкүн", — деп жазылат маалыматта. 

Ал мэриянын аталган чечими Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлгөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0