Пластикалык хирург: сурма чыгарам деп көзүн ийне менен тытып алган кыздар толтура

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаПластический хирург Султан Тукешов
Пластический хирург Султан Тукешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы эстетикалык сулуулуктун наркы жана талаптары, микрохирургиянын өлкөдөгү абалы жана келечеги тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова билип көрдү.

Пластикалык хирург Султан Тукешов биздин айымдар эмне себептен чырайлуу болууга ашыгарын жана кайсы операцияга муктаждык көп экендигин айтып берди.

— Азыр эле операциядан чыктыңыз. Кыздын кайсы жерине жасадыңыз?

— Көзгө сурма салуу операциясын кылдым. Ал блефоропластика деп аталат. Кыргызстанда бул өтө кеңири жайылган. Негизи эле азиат өлкөсүндө кош кат сурма чыгаруу биринчи орунда турат десем жаңылышпайм. 

— Сурманы канча убакытта жасап бүтсө болот?

— Болжолу менен бир сааттай убакыт кетет.

— Көз канча убакытта калыбына келиши мүмкүн?

— Бир-эки айда толук өзүнө келет. Айрымдардыкы эки жумада эле жакшы болот. Ар кимдин организмине жараша калыптанат десем болот. 

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаПластикалык хирург Султан Тукешов: операция убагында бейтап бизге көзүн ачып кайра жаап турганы ыңгайлуу. Анан биз көздүн үстүндөгү терини кесип, кайра жамап туруп сурма чыгарабыз
Пластический хирург Султан Тукешов - Sputnik Кыргызстан
Пластикалык хирург Султан Тукешов: операция убагында бейтап бизге көзүн ачып кайра жаап турганы ыңгайлуу. Анан биз көздүн үстүндөгү терини кесип, кайра жамап туруп сурма чыгарабыз

— Операция учурунда ооруну сездирбөөчү каражаттарды колдонсоңуздар керек?

— Операция убагында бейтап бизге көзүн ачып кайра жаап турганы ыңгайлуу. Анан биз көздүн үстүндөгү терини кесип, кайра жамап туруп сурма чыгарабыз. Ошон үчүн көздүн үстүнө, теринин астына ооруну сездирбөөчү анестезиялык укол жасалат.

— Эркек балдар дагы жасаткан учурлар кездешеби?

— Кездешет, анын эч кандай уяты жок деп эсептейм. Албетте, кыздарга салыштырмалуу суроо-талап төмөн. Бирок жасаган жумуштарыбызды көрүп кайрылгандардын саны аз эмес. 

— Бизде сурма жасатуунун кандай түрлөрү бар?

— Азыр европа жана азиат тибиндегилер көбүрөөк жасалат. Бирок учурда популярдуу болуп жатканы — бул бийик жасалган араб сурмалары. 

— Эми биринчиден арабдардын чекеси төбөсүндө жайгашып, көздөрү ак чыныдай… Анан биздин чукул чекебиз менен ичке көздөрүбүзгө араб сурмалары жарашат бекен? Деги эле операцияны жарашыгына карайсыздарбы?

— Мындай жагдайда сөзсүз түрдө бетинин формасы эсепке алынып, ошого жараша жасалат. Эгер жарашпай турган болсо "сизге болбойт экен" деп ачык эле айтабыз. 

— Сурманы жип менен тартып же салдырып жасатып жүрүшөт. Бул ыкма канчалык деңгээлде эффективдүү?

Медицина илимдеринин доктору, уролог-андролог жана сексопатолог Жаныбек Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Сексопатолог Мамбетов: эркекти кызга айланткан жылдары катуу сынга кабылдык
— Жип менен жасалган убакта көздүн үстүндөгү эт ылдый түшүп же сурма кыйшык болуп калышы мүмкүн. Анткени азиат көздөрдүн үстүндөгү эттин массасы оор жана шишимик болот. Анан кайрадан кардарлардын сурмаларын оңдоп же жиптерин алган учурларыбыз көп. Кээ бирлер үй шартында жип менен тартып чыгарышат экен. Мындай чийгенде биринчиден жара, анан картка айланып отуруп тырык калат. Ийне менен чийип тытып алып, клей куюп, скотч чаптап сурмасын бузуп алгандар толтура. Келгендерин кайрадан түздөп берип жүрөбүз. Айтаарым — эксперимент кылып ар кандай нерсени жасабагыла. 

— Күнүмдүк жашоодо кыздардын көзү табигый же жасалма экенин айырмалай билсеңиз керек?

— Негизи ар бир хирургдун өзүнүн кол чиймеси бар. Мен маселен операцияны кайсы хирург жасаганын болжолдуу түрдө айырмалай алам. Эгер кынтыксыз жасалса байкабай калышыңыз мүмкүн. Бул хирургдун ишиндеги купуя сырынан, техникасынан көз каранды.

— Эстетикалык сулуулуктун дагы кандай түрлөрүнө талап жогору?

— Липофилинг деген бар. Мында майларды ашыкча жерден сордуруп алып бырыштары же болбосо майдын көлөмүнүн төмөндүгү кездешкен жерлерге куят. Сулуулуктун бул түрү дүйнө жүзүндө кулачын жайып баратат. Азыр Кыргызстанга да жетип, айымдарыбыз кайрылып жатышат. 

Кулакка операция жасаткандар көп. Айрымдар кулагынын формасына канааттанбай чачын жайып жүрүүгө мажбур болушат. Алардыкын оңдоп-түзөп берип жүрөбүз. 

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаСултан Тукешов: жаакты кичирейтүү, формасын узартуу бизде такыр эле жок. Бул азыр Кореяда кеңири жайылган операция. Жаакты жасатуу өтө кооптуу
Пластический хирург Султан Тукешов - Sputnik Кыргызстан
Султан Тукешов: жаакты кичирейтүү, формасын узартуу бизде такыр эле жок. Бул азыр Кореяда кеңири жайылган операция. Жаакты жасатуу өтө кооптуу

— Кулакка операция кантип жасалат? Бир нерсени алып саласыздарбы же кошосуздарбы?

— Ошол өзүнүн кулагынын кемирчектерин жумшартып, жарашыктуу форма жасап беребиз. Өтө сындырып салган да болбойт.

— Күрөшкө барып кулагын жанчып же атайын манты кылып алгандар дагы сиздерге кайрылышса керек?

— Алар кайрылганда деле калыбына келтирип берүү өтө оор. Анткени кемирчеги деформацияга дуушар болуп калат. Күрөшкө баргандардын кулагы эмнеге ошондой деп суроо беришиңиз мүмкүн. Анткени кулак сынганда ичиндеги кан жакшы чыкпай, кемирчектери ордуна коюлбай чүрүшүп калат. Аны оңдогондо биринчиден, териде тырыктар одоно көрүнүп калат, экинчиден, бул — татаал операция. 

— Өлкөдө мурунга, жаакка жасалуучу операциялардын деңгээли тууралуу сүйлөшсөк? 

Медицина илимдеринин доктору, академик, дүйнөлүк ортопедияга салымы зор профессор Сабырбек Жумабековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Сабырбек Жумабеков: жигитине жагыш үчүн боюн узарткан кыздар бар
— Кыргызстанда мурунга операция көп жасалбайт. Маселен мурун, кулак, тамак дарыгерлерин отоларинголог деп коебуз. Алар органдардын жалгыз гана функциясын оңдогонго ылайыкташкан. Пластикалык хирургдар болсо тышкы келбетин оңдоп, дем алуусун жөнгө сала алган эмес. Азыр ошону калыптандырыш үчүн чет мамлекеттен хирургдарды чакыртып, бир эле учурда дем алуу функциясы менен эстетикалык келбетти оңдогон операцияларды өнүктүрүп жатабыз. 

Жаакты кичирейтүү, формасын узартуу бизде такыр эле жок. Бул азыр Кореяда кеңири жайылган операция. Жаакты жасатуу өтө кооптуу. Корей дарыгерлердин бөлүшкөн маалыматы боюнча жаакты жасаткандардын 30 пайызында сөөктүн ичинен кан кетип, оорлошуу пайда болот экен.

— Бизде жасалган пластикалык операциялар бир топ эле сумманы талап кылса керек?

— Пластикалык хирургия арзан тармак эмес. Чет өлкөдөн келген материалдар, имплантанттар, май алмаштыруучу аппараттарды колдонуу чоң акчаны талап кылат. Кымбат операциялардын катарына төштү чоңойтуу, майды которуштуруулар кирет.

— Төштү, жамбашты чоңойткондор тууралуу кеп кылсак. Мүчө деле табигаттан дене түзүлүшкө ылайыкталып берилсе керек, бирок ашыкча көлөм берет элем деп кайрылгандар барбы?

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
ВИЧ менен жабыркаган келин: экинчи наристемди күтүп жатам
— Бүгүн бул тууралуу америкалыктардын кызыктуу макаласын окудум. Ал жакта 2015-жылы 45 миң адам кайрадан имплантантты алдыруу операциясын жасатыптыр. Себеби өтө чоң көлөмдөгү силикондор экен. "Мен жаш кезимде ашыкча эмоция менен өтө чоң жасатып алыптырмын, азыр көтөрүп жүрүү оор болуп жатат" деп кичинекейин салдырып кеткендер көп болуп жатыптыр. Бизде бул тармак жаңыдан өнүгүп келет жатат. Кызыгып сурап калышат. Бирок көп жасатпайт. 

Жамбашты чоңойтуш үчүн көбүнчө май куюу ыкмасын сунуштайбыз. Майды көп жерден алып, керектүү жерге көлөм кошуп коебуз. Май болсо булчуңдардын астына куюлат. 

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаСултан Тукешов: бизге келип пластикалык хирургияны жасаткыла деп үндөгөндөн такыр алысмын. Болгону өзүңөрдүн сулуулугуңарга ар тараптан көңүл бургула
Пластический хирург Султан Тукешов - Sputnik Кыргызстан
Султан Тукешов: бизге келип пластикалык хирургияны жасаткыла деп үндөгөндөн такыр алысмын. Болгону өзүңөрдүн сулуулугуңарга ар тараптан көңүл бургула

— Жасалма көкүрөк баланы эмизгенде тоскоолдук жаралбайбы?

— Имплантанттар булчуңдун астына салынат. Мындайча айтканда сүт иштеп чыгуучу безди жабыркатпайт. Бирок жүз пайыз зыян эмес деп айткан туура эмес. Хирургияда ар кандай кырдаалдар чыгып кетиши мүмкүн. Бирок жалпысынан бала эмизгенде тоскоолдук кылбайт. 

— Ошондо оозго да силикон салынабы?

— Мен ал нерсеге каршымын. Анткени силикон биринчиден өзүнүкү эмес, экинчиден ойдогудай жумшактык бербейт. Бир күнү болбосо бир күнү алганга туура келет. Биз деле келсе эле жасай бербейбиз. Жакшы же жаман экенин билип туруп, бейтаптын операциядан баш тартышына шарт түзөбүз.

— Айрым учурда сулуулукту аша чаап колдонгусу келип, сиздердин талаптарга баш ийбей, одоно операцияларды талап кылгандарга кандай чара колдоносуздар?

— Биз хирург эле эмес, психолог да болуп калдык. Отуруп сүйлөшүп, чындыгында эле бейтаптын сулуулукка талабы барбы, жасасак жарашабы деп байкаштырабыз. Анан ошого жараша болот же болбойт деп чечим чыгарабыз. Эгерде психологиялык жүрүм-туруму өзгөчө адамдарды байкап калсак, жасагандан баш тартабаз. Анткени ал адамга операция жардам бербейт. 

— Баса, эмнеге адамдарга сулуулук тартуулоону тандап алгансыз?

Тамада, радио- и телеведущая Салтанат Саматова - Sputnik Кыргызстан
Салтанат Саматова: жакшы жигит болсо кыздар деле биринчи кадам жасашы керек
— Кичинекей кезимде атам дарыгер болбойсуңбу, ошол жакка жөндөмүң бар деп сунуштап калды. Окууну бүткөндө кайсыл тармакка талап күчтүүрөөк деп ойлонуп көрүп пластикалык хирургияны тандап алдым. Көбү пластикалык хирургия десе эле көздү оңдоп, оозду чоңойтуп, мурун менен кулакты түздөп коет деп түшүнүшөт экен. Бул микрохирургия онкологияда, травматологияда, кардиохирургияда кеңири колдонулат. Ошондуктан пластикалык хирургиянын келечеги чоң деп айта алам. 

— Окурмандарга эмне деп айткыңыз келет? 

— Бизге келип пластикалык хирургияны жасаткыла деп үндөгөндөн такыр алысмын. Болгону өзүңөрдүн сулуулугуңарга ар тараптан көңүл бургула. Азыркы учурда сулуу болуп жүрүш — замандын талабы. Андыктан чырайлуу болгонго умтулуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0