Таласта Чубак Сатаевге эстелик коюлат

© Фото / Кубаныч СатаевПамятник певцу Чубаку Сатаеву в Таласе
Памятник певцу Чубаку Сатаеву в Таласе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чубак Сатаев мындан 23 жыл мурун күтүүсүз жерден көз жумган. Ырчы 33 жылдык өмүрүндө 33 обондуу ыр жаратууга жетишкен.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Таланттуу ырчы жана обончу Чубак Сатаевге эстелик коюлганы жатканын уулу Кубаныч Сатаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Анын айтымында, ырчынын эстелиги азыр Бишкек шаарында жасалып жатат.

"Айкел толугу менен жасалып бүтө элек. Дагы кошумчалай турган нерселер бар. Таластагы Боо-Терек айылындагы клубга атамдын аты берилген. Айкелди ошол имараттын алдына орнотобуз", — деди уулу.

Чубак Сатаев мындан 23 жыл мурун 33 жаш курагында көз жумган. Анын "Ак бата", "Жарамазан", "Түштүк кыз", "Арман", "Кара көз" сыяктуу ырлары ар бир кыргыздын жүрөгүнөн орун таап, ушул күнгө чейин ырдалып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0