Атамбаев: "Азия MIX" командасынын жеңиши кыргыз элине жаңы жылдык белек болду

© SputnikУчастники КВН команды "Азия MIX" во время интервью после победы в Высшей лиге
Участники КВН команды Азия MIX во время интервью после победы в Высшей лиге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы өз сөзүндө алардын жеңиши жалпы кыргыз элине жаңы жылдык белек болгонун айтып, алар үчүн баары кубанып жатканын баса белгиледи.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Азия MIX" командасын КВНдин Жогорку Лигасындагы жеңиши менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Өлкө башчы өз сөзүндө алардын жеңиши жалпы кыргыз элине жаңы жылдык белек болгонун айтып, алар үчүн баары кубанып жатканын баса белгиледи.

"Азия Mix" командасынын балдары бул жеңишке жетүүгө катуу даярданып, акыры көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алды. Биздин команда шайыр жана тапкыч экенин бир гана калыстар тобу эмес жалпы күйөрмандар дагы мойнуна алды. Жыйынтыгында биздин "Азия Mix" башкаларды артка калтырып мыктынын мыктысы аталды! Бул жалпы Кыргызстандыктар үчүн жаңы жылдык белек болуп калды", — деди өлкө башчы.

Президент "Азия Mix" курама командасына ыраазычылык билдирип, алардын жеңиши кыргызстандыктардын сыймыгы болгонун баса белгилеп, аларга чыгармачыл ийгилик жана жаңы жеңиштерди каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0