Соцтармак үчүн соттошкондор: депутаттын доосу активистти айыпка жыкты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүFacebook социалдык тармагындагынын баракчасы. Архив
Facebook социалдык тармагындагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Активист Мавлян Аскарбеков Facebook социалдык тармагындагы посту үчүн сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, айыпка жыгылды. Анын айтымында социалдык тармактын арты менен соттошуу Кыргызстанда биринчи ирет болууда.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Мавлян Аскарбеков социалдык тармактагы посту үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине активист өзү билдирди.

Жогорку Кеңештеги депутаттардын орун жайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар оозунан жаңылганда. Аброй алып келбеген демилгелер
"Жаңы муун" кыймылынын лидеринин айтымында, КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов аны Facebook социалдык тармагындагы жеке баракчасына жазган пикири үчүн сотко берип, утуп алды. Соттун чечими менен Мавлян Аскарбеков буга чейин Дастан Бекешов тууралуу жазган маалыматын жокко чыгарган пост жазып, бир ай өчүрбөшү керек. Мындан сырткары соттук чыгымдар үчүн деп 700 сом айып салынды.

"Эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында биринчи ирет жаран социалдык тармагындагы жеке баракчасына жазган пикири үчүн күнөөлүү деп табылып, соттолуп жатат. Соттук отурум кыска мөөнөттө өтүп, менин кайрылууларым кабыл алынбай, күбөлөр дагы суралган жок. Мен соттун чечими боюнча кийинки инстанцияга арызданам", — деди Аскарбеков. 

Активист соттун бул чечими кошуна өлкөлөрдөгү кысымдарды кайталоо болуп жатат деген пикирде.

"Буга чейин кошуна өлкөлөрдө ушундай окуялар катталган. Биздикилер кайталап отурушат. Кыргызстан борбор азиядагы демократия аралчасы аталганыбыз менен сөз эркиндигине доо кетти. Эртең жарандар социалдык тармактарга өз оюн эркин жаза албай калат", — деди Аскарбеков.

Мавлян Аскарбековдун коомдук жактоочусу Адил Турдукулов 

"Абдан кооптуу окуя болду. Буга чейин социалдык тармакка жазган пикирим үчүн мени дагы Эркин Мамбеталиев сотко берген. Россия менен Казакстанда социалдык тармактагы пикири үчүн камалгандар бар. Ошол системаны өрчүтүп жатышат. Бул сынамык кадам болду. Ушуну менен эле токтоп калбайт", — деди ал.

Активист жеке пикири бар адамдарга бут тосуулар болуп жатканын кошумчалады. 

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты, мурдагы журналист Рыскелди Момбеков мындай көрүнүш сөз эркиндигине доо кетирээрин билдирди.

"Бул аша чапкандык. Facebook массалык маалымат каражатына кирбейт. Көчөдө сөгүшө кеткен эки адамды айыпка жыккандай эле таасир калтырууда. Бийликке сын пикир жазгандар жазалана баштаса, эл аралык уюмдардын сынына кабылышыбыз мүмкүн", — деди Момбеков.

Мавлян Аскарбековду сотко берип утуп алган КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов окуядан таргедия жасоонун кереги жок экенин айтты.

"Жарандык процессте күнөөлүү деген жок. Болгону жазган маалыматы туура эмес, кечирим сурасын деген чечим чыкты. Трагедия кылуунун кареги жок. Мисалы сизге деле шек келтирип, жалган маалымат жазса туура эмес да. Facebook болобу, башка жакта болобу киши маданияттуу болушу керек", — деди Бекешов. 

Депутат буга чейин эле социалдык тармак аркылуу соттошкондор болуп келгендигин кошумчалады.

Интернет кабельдери - Sputnik Кыргызстан
Facebook, Microsoft, Twitter, YouTube террорчулукка каршы чогуу күрөшмөкчү
"Социалдык тармак аркылуу соттошкон окуя биринчи жолу болуп жатат деген туура эмес. Буга чейин да болуп келген. Болгону алар саясатчы болбогондуктан коомчулукка чыккан эмес. Ушуну менен сын пикирлер социалдык тармакка жазылбай калат деген да туура эмес. Эч кандай коркунуч жок. Бийликти же Бекешоду сындай беришсин, болгону кадыр-баркка шек келтирбешсин", — деди депутат.

Бекешов кандай гана ачуу сындар айтылбасын этика сакталышы керектигин баса белгиледи.

Журналисттердин укугун коргоп жүргөн юрист Шамарал Майчиев жалган жалаа менен абройго шек келтирүү жазаланаары мыйзамда анык жазылганын баса белгиледи.

"Маалымат кайсы жакта айтылганы маанилүү эмес. Калп айтып, жалган маалымат менен адамдын аброюна шек келтиргендер жооп бериши керек", — деди Майчиев.

Ал социалдык тармактарда кадыр-баркка шек келтирген маалыматтарды жазуу туура эмес экенин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0