Бишкектеги травматология болуму. Архивдик сурот

Январдын башынан бери тайгаланып жыгылгандардын саны 200гө жетти

53
(жаңыланган 09:15 12.01.2017)
Кайрылгандардын 40кы ооруканага жаткырылса, 155и амбулатордук түрдө дарыланган.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. 1-январдан 10-январга чейин Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна тайгаланып жыгылып 195 киши кайрылганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кайрылгандардын 40кы ооруканага жактырылса, 155и амбулатордук түрдө дарыланган.

Министрлик ошондой эле тайгалактан улам машинанын алдында калуу коркунучу жогору экенин жарандарга эскертип, жолдо баратканда этият болууга чакырат.

Андан сырткары тайгак жерде баратканда буттарды бош кармап, колдорду чөнтөккө салбай басуу керектигин айтат.

53
Белгилер:
тайгалак, муз, КР Саламаттык сактоо министрлиги
Тема боюнча
Японияда сифилис менен ооругандар кескин көбөйдү
Бишкектеги №4 оорукана 500 миң сомдук медициналык жабдуу алды
Кичинекейлердин өмүрүн алган оорулар