Сүннөттөн каза болгон жаш бала боюнча кылмыш иши козголду

© Sputnik / Жоомарт УраимовВрач операция учурунда. Архив
Врач операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч жашар бала үй шартында сүннөткө отургузулгандан кийин каза тапкан болчу.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Россиянын Красноярскиде үй шартында сүннөткө отургузулган үч жаштагы баланын чарчап калганы боюнча кылмыш иши козголгонун КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Городской перинатальный центр в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Красноярскиде сүннөттөн каза болгон бала кыргыз болуп чыкты
Эске салсак, буга чейин үч жашар бала сүннөткө отургузулгандан кийин каза тапканы тууралуу маалымат тараган. 

Маалыматка ылайык, кылмыш иши Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 109-беренеси этиятсыздыктан улам өлүмгө жеткирүү боюнча козголгон. Айыпталуучу эки жыл түзөтүү иштерине тартылат, же эки жыл эркинен ажыратылат.

Баланын ата-энеси Кыргызстанда туулган, бирок Россиянан жарандыгын алышканын КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0