Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада информатика сабагынан алтын алды

© Sputnik / Анатолий Устиненко / Медиабанкка өтүүАлмата шаары. Архив
Алмата шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-17-январь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында окуучулар арасында математика, информатика жана физика сабактары боюнча Жаутыков атындагы XIII Эл аралык олимпиада болуп өттү.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Казакстанда өткөн олимпиадада кыргызстандык окуучу Акбар Мадаминов информатика сабагынан алтын тагынды. Бул тууралуу "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 12-17-январь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында окуучулар арасында математика, информатика жана физика сабактары боюнча Жаутыков атындагы XIII Эл аралык  олимпиада болуп өттү.

"Информатика сабагынан "Ош — Сема" лицейинин 10-классынын окуучусу Акбар Мадаминов алтын медалга ээ болду. Ал эми Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Амангелди Жусубалиев күмүш медалга жана Хусейин Карасаев атындагы Каракол лицейинин 10-классынын окуучусу Арсен Касымов коло медалга ээ болду", — деп айтылат маалыматта.

В Бишкеке открылся клуб робототехники - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүмдөрдүн өзгөчө ойлоп табуулары
Ошондой эле, Математика сабагынан Хусейин Карасаев атындагы Каракол лицейинин 10-класстын окуучусу Дослан Жекшеев жана "Талас Манас-Ата" лицейинин 11-класстын окуучусу Бегаалы Чикетаев коло медаль алышкан.

Андан сырткары физика сабагынан Каракол лицейинин 10-классынын окуучусу Азамат Мырзабеков жана Кадамжай лицейинин 11-классынын окуучусу Артур Садиков коло медалга ээ болушкан.

Аталган олимпиадага Кыргызстандын атынан 21 окуучу катышкан.

Бул олимпиада 2005-жылдын январь айынан тартып 13 мамлекеттин арасында өтүп келет. Негизги максаты – физика, математика жана информатика илимдерин жайылтуу, дүйнө жүзүндөгү мектептер арасында профессионалдык кызматташтыкты бекемдөө.

Ошондой эле маалыматтык технологияны өнүктүрүү жана маалыматтык маданиятты жогорулатуу болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0