Невролог Бекбоев: сөз адамды өлтүрө да, дарылай да алат!

© Фото / Гулдана ТалантбековаДарыгер-невропатолог Темирбек Бекбоев маек учурунда
Дарыгер-невропатолог Темирбек Бекбоев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер-невропатолог Темирбек Бекбоев нерв ооруларынын келип чыгуусуна айлана-чөйрөдөгү конфликтинин өсүшү, ага болгон адамдын мамилеси чоң таасир этерин белгилеп өттү.

Дарыгер Бекбоев адамдын "жан дүйнө" түшүнүгү, эмне себептен невроз ооруларына аялдар көп чалдыгаары жана чоң кызматтагылардын эч кимге билгизбеген илдети тууралуу журналист Гүлдана Талантбековага айтып берди. 

— Темирбек агай, нерв оорулары эмнеден улам келип чыгат?

— Жалпак тил менен айтканда невроз оорулары бул — социалдык дарт. Күнүмдүк жашоодо үй-бүлө, бир тууган, кесиптештер менен болгон мамиледеги пикир келишпестиктердин кесепети. Ошолор топтолуп отуруп стресске алып келет. Маселен, иш кылганда булчуңдар чарчаса, нерв түрдүү маалыматтардан чарчайт. Ал борбордук нерв системасынын функционалдык оорусу. Ал дагы чарчайт.

© Фото / Гулдана ТалантбековаТемирбек Бекбоев: невроз оорулары бул — социалдык дарт. Күнүмдүк жашоодо үй-бүлө, бир тууган, кесиптештер менен болгон мамиледеги пикир келишпестиктердин кесепети. Ошолор топтолуп отуруп стресске алып келет
Врач-невропатолог Темирбек Бекбоев - Sputnik Кыргызстан
Темирбек Бекбоев: невроз оорулары бул — социалдык дарт. Күнүмдүк жашоодо үй-бүлө, бир тууган, кесиптештер менен болгон мамиледеги пикир келишпестиктердин кесепети. Ошолор топтолуп отуруп стресске алып келет

Невроз оорусу бир гана маалыматка барып такалбайт. Психологиялык жаракат деген түшүнүк бар. Анын курч жана өнөкөт деген эки түрү кездешет. Өнөкөт катары көбүнчө адамдардын ортосундагы пикир келишпестиктердин таасирин айтсак болот. Курч психологиялык жаракатта маселен "үйүң өрттөнүп жатыптыр, же жарың каза болуптур” дегенди уккан адам чоң кайгыга кабылат. Ошондуктан сөз менен адамды дарыласа дагы, өлтүрсө дагы болот деп коюшат.

Көп нерсе адамдын кулк-мүнөзүнөн да көз каранды. Атам замандан бери мүнөздөрдү биз төрт түргө бөлүп келебиз. Пневматиктер — териси калың адамдар. Алар жөнөкөй нерсеге жооп кайтарышпай, чыдамкай келишет. Аны ошол абалдан чыгарсаң өтө коркунучтуу болот. Жан дүйнөсү талкаланса көп убакытта өзүнө келет. Холериктер — териси жука адамдар. Маалыматты бат кабыл алып, реакция жасап ийишет дагы кайра тез чыгарып салат. Сангвиник дегендер маалыматты орточо кабыл алышат. Меланхолик дегендер кыргызча айтканда "асан кайгылар". Болор-болбоско эле кайгырып маанайын чөктүрө беришет.

— Демек, адамдар кулк-мүнөзүнө жараша дагы нерв ооруларына кабылат десек туура болобу?

Дарыгер-педиатр Айнура Аманбаева - Sputnik Кыргызстан
Педиатр Аманбаева: баланын шилекейи тамак жегиси келгенде агат
— Невроз ооруларын үч топко бөлүп түшүндүрүп жүрөбүз. Неврастениялык невроз, истерикалык невроз, жабышма невроз. Неврастения деген табигый нервдин чарчашы. Буга көбүнчө эркек кишилер кабылат. Маселен, эркек киши окууну бүтүп иштешим керек, бала-чакамды багышым керек деп алдыга максаттарды коёт. Эч болбоду дегенде башка өлкөгө мигрант болот. Акыры иши жүрүшпөсө невроз оорусуна кабылышы мүмкүн. Буга көбүнчө билим деңгээлине, же интеллектуалдык жөндөмүнө туура келбеген чоң жумушту аркалап жатканда чалдыгат. Мен 12 жыл өкмөттүн атайын бөлүнгөн бейтапканасында иштегем ошол себептен айтып жатам.

— Өкмөттөгүлөр сизге эмне деп кайрылышчу эле? Эшиктен кирип келе жатканда эле көйгөйлөрүн көрө билсеңиз керек. Көп жылдык тажрыйбасы бар дарыгерлер психолог болуп калышат деп коюшат эмеспи?

— Көбү "баланча кызматтан түшкөндөн бери түн уйкуну көрбөй калдым, маанайым жок" деп кайрылышчу. Уйку жок болсо эле иштин баары бүткөнү да. Чоң жыйындарга барарда жүрөгү дүкүлдөп, башы чыңалып өзүн жаман сезе баштайт. Жыйынды кийинкиге жылдырат же башка бирөө өткөрсүн деп тапшырып беришет. Мындайча айтканда өзүнө ишенбеген адам ичинен ар кайсы ойлор менен өзүн жеп невроз оорусуна чалдыгып калат. Убактылуу көйгөйдү унутат элем деп ичимдикке берилгендер бар. Бул такыр туура эмес.

© Фото / Гулдана ТалантбековаТемирбек Бекбоев: өзүнө ишенбеген адам ичинен ар кайсы ойлор менен өзүн жеп невроз оорусуна чалдыгып калат. Убактылуу көйгөйдү унутат элем деп ичимдикке берилгендер бар. Бул такыр туура эмес.
Врач-невропатолог Темирбек Бекбоев - Sputnik Кыргызстан
Темирбек Бекбоев: өзүнө ишенбеген адам ичинен ар кайсы ойлор менен өзүн жеп невроз оорусуна чалдыгып калат. Убактылуу көйгөйдү унутат элем деп ичимдикке берилгендер бар. Бул такыр туура эмес.

Экинчиси — истерикалык деп аталат. Буга көбүнчө аял киши кабылат. Аялдар эркектер сыяктуу эле күчтүү, бирок эмоцияга бат алдырат. Оорудан көзү көрбөй, кулагы укпай, калтырап-титиреп калат.

Эми мындайлар менин 40 жылдык иш тажрыйбамда абдан көп болгон. Кээ бирөө айлап-жылдап отуруп өзүнө келишет. Шалкылдап колу-буту баспай келгендер болот. Ал гана эмес илгери чоң кызматтагы адамдын баласын "армияга алып кетебиз" дегенде уулунун көзү караңгылап көрбөй калган. Анан бизге келип дарыланып жакшы болуп кетишкен. 

— Адамдын түш көрүүсүн дагы неврология тармагына байланыштуу деп айтылат экен.

— Ал жан дүйнө түшүнүгү деп аталат. Бул тууралуу совет мезгили урагандан кийин эле сөз кыла баштадык. Акыл-эс дүйнөсүндө көзү менен көрүп, кулагы менен угуп айланадагыларга реакция жасайт. Ал эми жан дүйнө түшүнүгү мындай: улуу манасчы Саякбай Каралаев жан дүйнөсүнө алып Манасты батырып шатыратып айтып жатат, акындар кайдан-жайдан миң түркүн саптарды төгүп жатат, же болбосо Чыңгыз Айматов не бир керемет окуяларды көркөмдөп ача алган. Демек, булардын бардыгы адамда жан дүйнө түшүнүгү жашайт дегенди билдирет. Адам күн сайын түш көрүп кыйкырып, чочуп же кубанып турат. Кээде ачууланганда, же ичип алганда адам ичиндеги бардык чындыкты айтып жиберет. Бул сөздөр ошондо көкүрөккө жазылып жан дүйнөдөн чыккан болуп эсептелинет. Жан дүйнөгө ойлогон ойдун, капанын баары жазыла берип стрессти пайда кылат. Маселен компьютерде жазылган маалымат болсо тез эле өчүрүп коюуга мүмкүн. Мээдеги маалыматты өчүрүү кыйын…

— Анан кайгы-капаны кантип кетирсе болот. Жол-жобосу бардыр?

Пластический хирург Султан Тукешов - Sputnik Кыргызстан
Пластикалык хирург: сурма чыгарам деп көзүн ийне менен тытып алган кыздар толтура
— Бир гана уйку жеңет! Улуу Ленин өз убагында "окуу, окуу жана окуу" деп айтса, биз психотерапевттер "уйку, уйку жана уйку" деп айтабыз. Уйку мээни эс алдырат, тазалайт. Бүгүн бир ойду ойлоп сарсанаа болсоң, эртең менен мээң кадимкидей тазарып, оюң өзгөрүп калат. Мен бейтаптарды бир гана уйку менен эс алдырам. Анан адам чарчаганда бир канча убакыт жалгыз болгонго аракет жасап, ички жан дүйнөсүндөгү маалыматтарды анализдегени туура.

Жабышма невроз деген дагы оору бар. Мында адамга терс ойлор келет. Кекчил болуп, ар кандай фобияларды ойлоп таап алат. Мага бир жолу отуздан ашкан келин машинага түшкөндөн коркуп калганын айтып келди. Көрсө, жолдошу авариядан улам каза болуптур. Ошол себептен машинеге түшкөн сайын күйөөсүн элестете берчү экен. Анан гипноз ыкмаларын колдонуп бир топ убакытта дарылаганбыз.

Жакында бир жигит келди. Ал учтуу заттарды көргөндө көзү-башына бир нерсе сайылып кетчүдөй сезиле берет экен. Көрсө, эт кескен жерде иштеп бирөөнүн колу-бутунун кесилип калганын көргөн экен.

— Эми нерв ооруларын дарылоонун жолдорун айта кетсеңиз?

— Неврологдун ишмердүүлүгүндө психотерапевт эң негизги болуп саналат. Анткени биринчи кезекте адам менен тил табышуу маанилүү. Эмнени каалап жатканын терең түшүнүш керек. Эл эмнеге көзү ачыктарга барат, билесизби? Себеби алар ким канча жашта, эмнеге келди, кандай көйгөйү бар экендигин көрө билип чоң психолог болуп бүтүшкөн. Болбосо бардыгы эле "жолуңду бууп коюптур" деп бирдей жоопту айтышат.

Илгери невроз ооруларын дарылоодо гипнозду көп колдончубуз. Бейтаптарды атайын топторго же рационалдуу түрдө бөлүп алып дарылайбыз. Рационалдуу дарылоодо дарыгер бейтапты ишендире билиши керек. Эң орчундуулары грыжа, остеохондроз деп ойлошот. Аны деле операциясыз айыктырса болот.

© Фото / Гулдана ТалантбековаТемирбек Бекбоев: комплекстүү түрдө ийне менен дарылоо жолу бар. Кырк жылдан бери ушул ыкма менен иштеп келе жатам. Невроз ооруларын айыктырууда үнөмдүү жана эффективдүү болуп саналат
Врач-невропатолог Темирбек Бекбоев - Sputnik Кыргызстан
Темирбек Бекбоев: комплекстүү түрдө ийне менен дарылоо жолу бар. Кырк жылдан бери ушул ыкма менен иштеп келе жатам. Невроз ооруларын айыктырууда үнөмдүү жана эффективдүү болуп саналат

Комплекстүү түрдө ийне менен дарылоо жолу бар. Бул байыркы ыкма жүрүп отуруп илимге кирди. Кырк жылдан бери ушул ыкма менен иштеп келе жатам. Невроз ооруларын айыктырууда үнөмдүү жана эффективдүү болуп саналат. Анткени аллергиясы бар бейтаптар көбүнчө дары-дармек менен дарылангандан качышат. Адамдын 700 нерв түйүнү жана он эки каналы бар. Ошолорго ийне сайып дарылайбыз.

Невроз ооруларын дарылоонун ар кандай түрлөрү бар. Ал бейтаптын оорусуна, ал-акыбалына жараша жүргүзүлөт.

— Тоодон ылдый түшүп, бийиктиктен парашют менен секирип, ээн жерден тамак айрылганча кыйкырып адреналин алгандар бар. Бирок мындай нерсенин ден соолукка зыян жактары жокпу?

Медицина илимдеринин доктору, уролог-андролог жана сексопатолог Жаныбек Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Сексопатолог Мамбетов: эркекти кызга айланткан жылдары катуу сынга кабылдык
— Адам жаш кезинде коркунучтан качпай, тескерисинче, коркунучту издейт. Суунун чоң агымынан, ылдамдыгы чоң селкинчектерге отуруп кыйкырып-өкүрүп ырахат ала берет. Бул нерсенин зыяны жок. Карыган кишиде адреналин болгондун өзү жаман. Жаш өткөндө кан басымы жогорулап, тескерисинче, инфаркт болуп калышы мүмкүн.

— "Нервиңди аясаң боло" деп калабыз. Себеби нерв клеткалары калыбына келбей турчу касиетке ээ деп айтышат экен…

— Темир чыдамдуубу же адамдын денесиби деген суроо туулат? Маселен, сөөк сынса деле кайрадан жаңыланып калыбына келет. Темирди эшикке коюп койсоң дат басып карайып кетет. Жалпы жонунан нерв клеткалары жаңыланып пайда болуп турат. Бирок мээнин клеткаларынын пайда болушу чындыгында татаал.

— Жыйынтык сөз катары окурмандарга эмне деп айткыңыз келет?

— Жашоодо уруш-жаңжалдан алыс болуңуздар. Нерв системасын аясаңыздар ден соолугуңуздар чың, өмүрүңүздөр узун болот. Жылуу мамиле кылганды үйрөнөлү, элибизде жылуулук болсо, өлкө жакшырат. Нерв системаларын сакташ үчүн иштөө режими менен эс алуу режимин туура пайдаланыңыздар. Адам сөзсүз 7-8 саат уктап эс алышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0