РСК Банк: элдин башына түшкөн кайгыдан пайда көрүп калалы деген оюбуз жок

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүБанк кассасы. Архив
Банк кассасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Авиакырсыкта жабыркагандарга жардам берүү үчүн ӨКМдин атайын эсебине акча которууда комиссиянын алынышына банк түшүндүрмө берди.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. РСК Банкы элдин башына түшкөн кайгыдан пайда көрүү ою жок экенин мекеменин маалымат катчысы Теңгелбес Мусаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

18-январда редакцияга окурман кайрылып, ӨКМдин атайын эсебине жардам катары акча которууда аталган банк комиссия алып жатканын айткан. 

Мусаевдин айтымында, атайын эсепке которулган каражаттан комиссия албоо боюнча банктын бөлүмдөрүнө буйрук берилген.

"Биздин кесиптеш балким адашып алган окшойт. Ал буйрук тууралуу укпай калган болуш керек. Биз алынган 50 сомду кайтарып, же аны атайын эсепке которуп берүүгө даярбыз. Кайгыдан банк акча таап калайын деп көздөбөйт", — деди маалымат катчы.

Шаршемби күнү ӨКМдин атайын эсебине саат 16.00гө алынган маалымат боюнча 4 миллион 657 миң сом келип түшкөн

Жаңылыктар түрмөгү
0