Криштиану Роналду быйылкы "Алтын топту" алды

© AFP / FABRICE COFFRINIЦеремония награждения "Золотого мяча" в Цюрихе
Церемония награждения Золотого мяча в Цюрихе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Криштиану ушуну менен төртүнчү ирет "Алтын топту" алууда. Ал 2008, 2013 жана 2014-жылдары France Football жана ФИФА тарабынан эң мыкты аталып, "Алтын топко" татыган.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. "Реал" клубунун жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду франциянын France Football журналы тарабынан берилчу "Алтын топко" ээ болгону басылманын расмий сайтында маалымдалат.

Криштиану ушуну менен төртүнчү ирет "Алтын топту" алууда. Ал 2008, 2013 жана 2014-жылдары France Football жана ФИФА тарабынан эң мыкты аталып, "Алтын топко" татыган.

​Быйыл Криштиану Португалиянын курама командасы менен Европа чемпионатын утуп алса, "Реал" клубу УЕФАнын чемпиондор лигасында жеңишти камсыздаган.

Роналду Японияда өтө турчу дүйнө чемпионатына даярданып жаткандыктан быйылкы "Алтын топту" ыйгаруу салтанатына келген жок.

Дарбазадагы футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
FIFA: 2016-жылдагы эң кооз голго талапкерлердин кимиси мыкты?
"Алтын топ" 1956-жылы France Football тарабынан негизделген. Ал Европадагы эң мыкты аталган футболчуга берилет (спорт журналисттеринин пикири эске алынуу менен чыгарылат). 2010-жылы FIFA менен France Football "ФИФАнын жылдын мыкты оюнчусу" менен "Алтын топ" наамдарынын бириктирилгенин жарыялаган. Жаңы наам негизделгенден кийин "ФИФАнын алтын тобу" наамы дүйнөдө календардык жылда мыкты аталган футболчуга берилет. Мыкты футболчуну машыктыруучулар, улуттук курама команданын капитандары жана спорт журналисттери аныкташат.

Акыркы жолу бул титулду Лионель Месси алган. Сентябрда France Football наамдарды ыйгарууда FIFA менен өнөктөштүктү токтотконун жарыялаган. Ошентип жеңүүчүнү аныктоодо жаңы эрежелерди киргизген. Байге эми мурдагыдай бир гана спорт журналисттеринин пикирин эске алуу менен чыгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0