ЖМК: Роналдиньо быйыл футболго кайтып келүүнү пландап жатат

© AFP / Mike TysonБразилиялык футболчу Роналдиньонун архивдик сүрөтү
Бразилиялык футболчу Роналдиньонун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атактуу футболчу бразилиялык "Шапекоэнсе" клубунда ойноого ынтызарлыгын билдирди. Аталган футбол клубунун негизги оюнчулары ноябрь айында Колумбияда авиакырсыктан каза болгон.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бразилиялык футболчу Роналдиньо футболго кайтуу ниетин билдиргенин Goal.com маалымат сайты оюнчунун агенти менен байкеси Роберто де Ассиске шилтеме берүү менен билдирди.

"Роналдиньо 2017-жылы карьерасын узартууну пландап жатат. Бир жылдык тыныгуудан кийин биз кайтадан футболго кайтууну чечтик", — деп футболчунун агенти билдирген.

Анын айтымында Роналдиньо Либертадорес кубогунда ойной турчу клуб менен келишим түзүүгө ниеттенип жатат.

«Реал Мадрид» менен Португалиянын курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
FIFA версиясы боюнча Криштиану Роналду 2016-жылдын мыкты оюнчусу деп табылды
36 жаштагы футболчу 2015-жылдын күз айынан бери эч бир оюндарга чыккан эмес. Ал "Милан" жана "Барселона" командаларынын курамында Италия менен Испаниянын чемпиону болгон. Учурунда (2005-жыл) "Алтын топту" алган жана FIFA уюмунун жылдын мыкты футболчусу аталган.

Бразилиянын курама командасы менен дүйнө чемпиону (2002-жыл) болгон. Андан сырткары 1999-жылы Америка кубогунда жеңишке жеткен. Улуттук команданын курамында ал 96 беттеш өткөрүп, 33 гол киргизген.

Буга чейин Роналдиньо "Шапекоэнсе" клубунда ойноого ынтызарлыгын билдирди. Аталган футбол клубунун негизги оюнчулары ноябрь айында Колумбияда авиакырсыктан каза болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0