Дүйнөдөгү эң кымбат 10 футболчу аныкталды

© AFP / OLIVIER MORINДень рождения футболистов Криштиану Роналду и Неймар
День рождения футболистов Криштиану Роналду и Неймар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгачкы үчтүккө Неймар, Месси жана Погба кирди.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Испаниянын "Барса" клубунун жана Бразилиянын курама командасынын чабуулчусу Неймар дүйнөдөгү эң кымбат футболчу деп табылды. Бул туурасында РИА Новости агенттиги Эл аралык спорттук изилдөөлөр борборунун (CIES) изилдөөсүнө таянуу менен билдирди. 

Ал эми анын клубдашы Лионель Месси экинчи болсо, "Манчестер Юнайтед" клубу менен Франциянын курама командасынын жарым коргоочусу Поль Погба үчүнчү орунду ээлейт.

Эң кымбат 10 футболчунун рейтинги:

  1. Неймар Да Силва, "Барса" — 246,8 миллион евро;
  2. Лионель Месси, "Барса" — 170,5 миллион евро;
  3. Поль Погба, "Манчестер Юнайтед" — 155,3 миллион евро;
  4. Антуан Гризманн ("Атлетико") – 150,4 миллион евро;
  5. Луис Суарес ("Барселона") – 145,2 миллион евро;
  6. Харри Кейн ("Тоттенхэм") – 139,2 миллион евро;
  7. Криштиану Роналду ("Реал") — 126,5 миллион евро;
  8. Пауло Дибала ("Ювентус") – 113,8 миллион евро;
  9. Деле Алли ("Тоттенхэм") – 110,5 миллион евро;
  10. Эден Азар ("Челси") – 101,5 миллион евро.

Жаңылыктар түрмөгү
0