Жол эрежеси боюнча экзаменден маршруттук такси айдагандардын бири да өтпөй калды

Жазылуу
Бишкек шаардык Кайгуул милиция тарабынан рейд уюштурулуп, анын негизинде жол эрежелерин бузган айдоочуларга протокол түзүлүп, кайрадан сынакка киргизилген.

Рейд: милиция маршруттук таксилерди аңдыды - Sputnik Кыргызстан
Рейд: милиция маршруттук таксилерди аңдыды
Маршруттук таксинин 18 айдоочусунун бирөө да жол эрежелери боюнча экзаменди бере албай калганын Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы билдирди.

Буга чейин Кайгуул милициясы рейд учурунда жол эрежесин бузган маршруттук таксинин 35 айдоочусун кармаган. Алардын 18и кайтадан экзамен берүүгө жиберилген. Бүгүн, 24-ноябрда алар Чолпон-Ата көчөсүндөгү Мамлекеттик каттоо кызматынын имаратында экзамен беришти.

"Сынакка 18 айдоочу катышып, 18и тең сынактан өтпөй калды", — деди Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Таалай Бугубаев.

Сынактан чыккан айдоочулардын бири компьютерди жакшы өздөштүрбөгөндүгү үчүн суроолорго жооп бере албай калганын белгиледи. Ал эми Кайгуул милициясынын кызматкерлери бул жоопту четке кагып, айдоочулар эрежени жакшы билбегендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0