Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында атылган майрамдык салюттун асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында Жаңы жылдын түнүндө салют атылып, кыргызстандыктардын бир тобу майрамды дал ушул жерден тосту. Бул маанайды асмандан бир нече метр бийиктиктен тартып алуу да өзүнчө кооздук жаратты.

Новогоднее поздравление президента Алмазбека Атамбаева — 2017 - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин жаңы жылдык куттуктоосу
Быйыл "Ала-Тоонун" жаңы жылдык жасалгасы өзгөчө болду. Шаардыктар жана келген меймандарды башкы балаты менен анын маңдайына орнотулган диаметри эки метрлик 12 шар, алты бугу, Аяз ата жана Кар киши кайдыгер калтырган жок. 

Кыргызстандын башкы балатысына улуттук стилдеги 77 жасалга илинген. Мындан тышкары, 60 жылдызча жана 50 кар бүртүкчөлөрү менен кооздолгон. 

Балатыдагы оюнчуктардын жалпы саны 1200дү түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0