Кызыл-Кыя шаарында Айкөл Манаска 20 метрлик эстелик тургузулду

Жазылуу
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, эстеликтин жылпы бийиктиги 20,2 мертдү түздү.

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында 13-январь күнү Манастын эстелигин ачуу салтанаты өтүп, ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышты. 

Өкмөт башчы Айкөл Манастын эстелигин орнотуу менен көп элдин көөнүн толтураар иш башталганын бул жерден өткөн-кеткен адам Манас бабабыздын арбагына таазим этип турарын баса белгиледи.

"Кыргыз мамлекетинин этникалык курамы, салт-санаасы ар түрдүү улуттар менен чиеленишип келген. Элүүдөн ашык улуттардын өкүлдөрү жашаган Кызыл-Кыя шаарында баардык улуттардын тагдырлары бир болгон. Айкөл Манастын эстелигин орнотуу менен көп элдин көөнүн толтураар иш башталды", — деди премьер. 

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, эстеликтин жылпы бийиктиги 20,2 метрди түздү. 

"Айкел орнотулган постаменттин бийиктиги — 12,2 метр. Жанындагы эки жолборстун биринчиси — 8 метр, экинчиси — 6 метр бийиктикке орнотулду. Эстеликтин өзүнүн бийиктиги — 8 метр. Ошондо жалпысынан айкелдин бийиктиги 20,2 метрди түздү", — деп айтылат билдирүүдө. 

Саякбай Каралаевдин эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сакадай бою сары алтын, улуу манасчы Саякбай Каралаев жөнүндө кызыктуу 15 факты
Ачылыш салтанатка өкмөт башчы менен биргеликте Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов катышты.

Эске сала кетсек, Айкөл Манаска эң бийик эстелик Ош шаарына коюлган. Анын бийиктиги —24 метрди түзөт. 

Ал эми Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтына орнотулган Манастын эстелигинин бийиктиги – 17,5 метрди.

Жаңылыктар түрмөгү
0