Биринчи вице-премьер: авиакырсык учкучтардын күнөөсүнөн болду деген ой бар

Жазылуу
Кырсыкка күбө болгон адам учак кулаганда катуу жарылуу болуп, жер силкинип кеткендигин айтып берди.

Дүйшөмбүнүн таңында жүк ташыган учак эл аралык "Манас" аба майданынын учуп-конуу тилкесинен бир жарым чакырымдай аралыктагы айылга кулап, жарылган. 

Гонконг — Стамбул каттамы менен келе жаткан жүк ташуучу Boeing – 747 учагынын кыйрашынан акыркы маалыматтарда 31 адам каза болгон. 

Журналисттерге брифтинг өткөргөн биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абдулгазиев трагедияга жүк ташуучу аба кемесин башкарган учкучтардын күнөөсү болушу мүмкүн деген ой бардыгын айтты. 

"Биздин адистер, эгерде 300 метр аралык көрүнө турган болсо, конууга уруксат берилерин айтышты. Бул түнү 11 жүргүнчү жана жүк ташыган учактар кадимкидей эле конгон. Авиакырсык учкучтардын күнөөсүнөн болду деген ой бар. Кулаган лайнердин экипажы "Манаска" үч жолу конуп, биздин шарттарды жакшы билген", — деп айтты атка минер.

Кырсыкка күбө болгон жергиликтүү жашоочу Эрнис Тургунбаев Sputnik Кыргызстанга учак кулаганда катуу жарылуу болгондугун айтты. 

"Ушунчалык катуу үн чыккандыктан, жер силкинди го деп ойлоп кеттик. Мен мал жайлап жүргөм. Эл үйдөн качып чыкты, балдары менен чуркап чыккандар да болду", — деди Тургунбаев.

Куткаруучулар уранды алдынан тирүү калган 11 кишини таап чыкты. 

Кыргызстанда 17-январь аза күнү деп жарыяланды.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0