Учак кыйрагандан кийинки дароо тартылган кадрлар

Жазылуу
"Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына учак кулап түшөрү менен жергиликтүү тургун биринчилерден болуп аны видеого тартып калган. Sputnik Кыргызстан агенттиги ошол видеону окурмандарга сунуштайт.

Сатыбалды Молдобаев учак кыйрап түшөрү менен жалындаган өрттү көрүп аны видеого тартып алган. 

"20дай киши ары-бери басып, учак кулап түшкөнүн айтып жатышты. Жарым сааттан кийин өрт өчүрүүчүлөр келди. Андан кийин тез жардам менен ӨКМдин кызматкерлери келди", — деди ал.

Ызгаарда бейиш кеткендер, ыйлатып шейит кеткендер… - Sputnik Кыргызстан
Ызгаарда бейиш кеткендер, ыйлатып шейит кеткендер…
Молдобаев ошондой эле учактын ичинде газ баллондор болгондуктан өрт өчүрүүчүлөр жакын барбагыла деп кишилерди эскертип жатканын кошумчалады. 

Эске салсак, Дача айылына 16-январда эртең менен кулаган Boeing 747 учагы кыркка жакын кишинин өмүрүн алган. Учурда каза болгон 32 кишинин ким экени аныкталды.

17-январь Кыргызстан боюнча аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Каргашалуу кырсыктын чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0