Акула суучул түшкөн капастын бырын-чырынын чыгарды

Жазылуу

Мексиканын жээгинде атайын адистештирилген капаста иштеп жаткан дайвер, Акуланы таяктан учуна илинген балыкка кызыктырып камерага тартып жаткан. Балыкты жейм деген максатта күү менен келип бир тийип акула, бекем жасалган деген капастын бырын-чырынын чыгарды. Өйдө жактан көз салып, байкап тургандар бул окуяны көргөндө жанынан түңүлдү. Бактыга жараша, жырткыч балык капастын темирлерине илинип калбай, артка суунун тереңин көздөй сүзүп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0