Японияда сифилис менен ооругандар кескин көбөйдү

© AFP / PHILIPPE LOPEZ Сильное землетрясения и цунами в Фукусиме
Сильное землетрясения и цунами в Фукусиме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтарга караганда, сифилис Токио шаарынын түнкү эс алуу, шапар тебүү активдүү болгон Синдзюку районунда арбыган.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Японияда сифилис менен ооругандар бир жыл ичинде кескин өсүп, 77 пайызга жетти. Бул туурасында РИА Новости Киодо агенттигинин маалыматына таянып кабарлады. 

Тоок фабрикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Японияда куш тумоосуна чалдыккан 500 миңден ашык тоок жок кылынды
Статистикалык маалыматтар Саламаттык сактоо министрлигинин алынган. 

Эксперттер өткөн жылдын декабрь айынын башында "сифилис" дарты аныкталган 4259 бейтап катталса, 2015-жылдын башында оорулуулардын саны анын жарымына гана чыкканын билдирди. Иликтөөдө сифилистин энеден балага өткөн учуру мурда сейрек кездешкени айтылган. Бул илдеттин Күн чыгыш өлкөсүндө тез көбөйүп кетишинин себебин медиктер азырынча так айта элек. Анткен менен буга жыныстык катнаш боюнча жаштар арасында мамиленин өзгөрүшү жана жыныстык оорулар көп кездешкен өлкөдөн келген туристтердин агымы себеп деп божомолдонууда. 

Киодонун берген маалыматына караганда, сифилис Токио шаарынын түнкү эс алуу, шапар тебүү активдүү болгон Синдзюку районунда көбөйүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0