Дарыгер операция учурунда. Архив

Үй шартында сүннөткө отургузулган үч жашар бала каза болуп калды

1759
(жаңыланган 19:25 09.01.2017)
Окуя Красноярскиде болгон. Операциядан кийин баланын абалы кескин начарлап, бир аз убакыттан кийин чарчап калган.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Красноярскиде үй шартында сүннөткө отургузулган үч жаштагы бала чарчап калганын аймактык тергөө комитетине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Учурда наристенин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

Маалыматка ылайык, 6-январда баланын энесинин хирург таанышы ооруну сездирбөөчү дарынын жардамы менен үй шартында наристеге сүннөткө отургузуу боюнча операция жасаган. Абалы кескин начарлап кеткен балага энеси өз алдынча жардам берүүгө аракет кылып, ар кандай дары-дармек берген. Натыйжада наристе чарчап калган.

Аталган факт боюнча Россиянын Кылмыш жаза кодекси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөөчүлөр 28 жаштагы хирургду суракка алышты.

1759
Белгилер:
сүннөткө отургузуу, операция, Красноярк
Тема боюнча
Шымкенттеги окуя: урап түшкөн 2 кабаттуу үйдөгү ымыркайды бешик сактап калган