Кытайда 750 килограммдык чочко табылды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЧочко. Архив
Чочко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймактагы сынактардын бирин жеңгенден кийин ага "чочколордун падышасы" деген аталыш ыйгарылды.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кытайдын Хэнань провинциясында салмагы 750 килограммдык чочко табылганын британиялык The Daily Mail гезити жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, жандыктын узуну 2,1 метр болсо, бою 1,5 метр. Өзүнүн көлөмү менен аймактык сынакта атаандаштарын артка калтырып, "чочколордун падышасы" аталды.

Чочконун ээси Чжан жандыкты үч жыл бакканын белгилеген. 

Буга чейин Кытайдын тарыхында эң оор болуп 900 килограммдык Тон Пиг аттуу чочко катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0