ЖМК: Трампка каршы акцияга чыккандарга канча акча төлөнөөрү маалым болду

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАкция протеста против Д. Трампа в Нью-Йорке
Акция протеста против Д. Трампа в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трамп мурда ага каршы чыккандарга акча төлөнүп жатканын айтып даттанган.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Washington Times басылмасынын журналисттери Дональд Трамптын инаугурациясына арналган салтанатта нааразычылык акцияларына катышып берүү үчүн акча төлөп берээрин айтып, чакырык кылып жаткан жарнаманы таап алышканы тууралуу РИА Новости жазды. 

Маалыматка караганда, каршылык акциясына катышкандарга айына 2500, саатына 50 доллардан айлык сунушталууда. 

"Сан-Францискодогу Demand Protest уюмунун жарнамасынын урааны —"Трампка каршы чыгып, акча ал!". Ал уюм АКШнын бир катар шаарларында ушундай жарнамаларды чыгарган", — деп жазат Washington Times.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын кызы Иванканын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Трамптын кызы Иванка бизнестен убактылуу кеткендигин айтты
Мындай "айлыктар" Остин, Колорадо-Спрингс, Колумбус, Денвер, Детройт, Эль-Пасо, Форт-Уэрт, Джексонвилл, Окленд, Филадельфия, Финикс, Сан-Диего, Сиэттл жана Вашингтон шаарларынын жашоочуларына сунуш кылынууда.

Ошол эле убакта журналисттер Demand Protest уюмунун жарыясы алдамчылык болушу дагы мүмкүн деген ойдо. 

Маалыматка караганда, Трамп мурда ага каршы чыккандарга акча төлөнүп жатканын айтып даттанган. 

Трамптын инаугурациясы Вашингтондо 20-январь күнү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0