Президент: ЕАЭБке кирүү Кытай менен болгон мамилеге таасир бербейт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИтоговая пресс-конференция президента Алмазбека Атамбаева
Итоговая пресс-конференция президента Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башкы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кириши Кытай менен болгон мамилеге таасир бербей турганын билдирди.

БИШКЕК, 27-дек — Sputnik. ЕАЭБке кирүү өлкөнүн Кытай менен болгон мамилесине таасир бербей турганын президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБке мүчө мамлекеттер менен Кытайдын ортосундагы мамиле дагы да чыңдалат.

"Кыргызстан Улуу Жибек Жолу идеясын толугу менен колдойт. Биз жана кытай ишкерлери мындан пайда гана табабыз деп ойлойм. ЕАЭБке мүчө мамлекеттер менен Кытайдын ортосундагы мамиле мындан да бекемделет", — деди Атамбаев.


Жаңылыктар түрмөгү
0