Атамбаев: жыл кыйын, бирок, жакшы болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИтоговая пресс-конференция президента Алмазбека Атамбаева
Итоговая пресс-конференция президента Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев узап бара жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, анын "кыйын, бирок, баары бир жакшы жыл болгондугун", Кыргызстан чындап эле өз алдынча мамлекетке айланып бара жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 27-дек — Sputnik. Президент узап бара жаткан жыл өтө татаалдыгына, суунун аздыгына, кургакчылдыгына карабай, жакшы болгондугун айтты. 

"Ооба, газды өчүрүп салышты, бирок, эмдиги жылы көгүлтүр от менен камсыздайбыз. Көз карандысыз болобуз: эч ким биз менен муну бер, тигини ал деп соодалаша албайт. Биз чындап көз карандысыз өлкөгө айланабыз. Кудай буюрса, муну чет жакадагылар да, өзүбүз да көрөбүз", — деди Атамбаев жыйынтык маалымат жыйынында. 

Мамлекет башчысы жыл сайын жылды жыйынтыктап, маалымат жыйынын өткөрөт. Бул сапар президент менен жолугушууга ар кыл 75 ЖМКдан 113 журналист келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0