Путин Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүАрхив: Владимир Путин
Архив: Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

БИШКЕК, 31-дек — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Россиянын президенти эки мамлекет ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да бекемдейт деген ишеничин билдирген.

"Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты биргелешкен аракеттер менен мындан ары дагы бекемдеп, конструктивдүү өз ара аракеттенишүүнү, анын ичинде Евразиялык интеграциялык процесстин алкагында күчөтө беребиз деп ишенем. Бул Россия менен Кыргызстандын достошкон элдеринин кызыкчылыктарына толук төп келет", — деп белгиленет куттуктоодо.

Владимир Путин Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга — тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0