Атамабаев православ динин туткандарды Рождество майрамы менен куттуктады

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАрхив: прихожане во время празднования Пасхи
Архив: прихожане во время празднования Пасхи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы Кыргызстанда жашаган православ динин кармангандарды Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады.

БИШКЕК, 6-янв — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда жашаган православ динин кармангандарды Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады. Бул туурасында президентинин маалымат кызматы билдирди. 

"Кымбаттуу мекендештер, православ динин туткан Кыргызстандын урматтуу жарандары! Сиздерди жаркыраган кубанычтуу майрамыңыздар — Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктайм! Ушул күнү, урматтуу мекендештерим, эң жакын адамдарыңар сиздердин жаныңарда болушун каалайм. Үйүңөр кубанычка, жылуулукка толсун. Ушул майрам ар дайым дилиңерге жарык чачып, терең ишенимге жол ачып, жакшылыкка бөлөсүн", — деп айтылат президенттин куттуктоосунда. 

Мамлекет башчысы Жаңы 2015-жыл бардык кыргызстандыктарга эң жакшы кабарларды, ал эми өлкөбүзгө ынтымак жана гүлдөп өнүгүү алып келишин каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0