Германияда 30 миңден ашык киши исламга каршы демонстрацияга чыкты

© Фото / Caruso PinguinАрхив: Дрездендеги митинг
Архив: Дрездендеги митинг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Европалыктар – мекенчилдер Батыштын исламдашуусуна каршы " деген чакырык менен Pegida оңчулдар кыймылы акция өткөрүштү. Бул кыймыл иммиграциялык мыйзамдарды катуулатууну колдоп келет.

БИШКЕК, 6-янв — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Германиянын ири шаарларында өткөн исламга каршы демонстрацияларга 30 миңден ашык киши катышканын РИА Новости маалымдады.

Ассошиэйтед Пресс маалымат агенттигинин билдиришинче, Дрездендеги демонстрацияга эң көп киши катышкан. Бул шаардагы каршылык акциясына 18 миңден ашык киши келген.

Празднование Ураза-байрама в регионах России - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө диний агартуу иштери колго алына баштады
Акцияны "Европалыктар – мекенчилдер Батыштын исламдашуусуна каршы " деген чакырык менен Pegida оңчулдар кыймылы өткөрдү. Бул кыймыл иммиграциялык мыйзамдарды катуулатууну колдоп келет. Анын өкүлдөрү Европа мамлекеттериндеги мусулмандардын арбын отурукташкандыгына нааразы болуп келишет.

Ошол эле учурда Германиянын шаарларында бул массалык нааразылык акцияларына каршы да демонстрациялар өттү. Маалымат агенттиктин маалыматына ылайык, 5 миңдей киши Берлиндеги иммигранттарга карата жек көрүүчүлүккө каршы чыгышты. Андан сырткары Pegida кыймылына каршы болгон 22 миңдей киши Штутгарт, Гамбург жана Мюнстердин көчөлөрүнө чыкты.

Кельн шаарында антисламдык кыймылдын тарапташтарынын аракеттерине нааразычылык катары Кельн соборунун жана шаардагы башка имараттардын жарыгы өчүрүлгөн. Дрезден шаарында "ачык, эркин жана демократиялык коом үчүн" өзүнүн пикирин билдирип келген Volkswagen автомобиль заводунун имаратын жарык кылган техникалар өчүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0