Бүгүн Бишкек шаарында күн 12 градуска чейин жылыйт

Жазылуу
Нарын облусунан башка баардык аймактарда күн жылыйт.

БИШКЕК, 8-янв — Sputnik. Борбор калаада бүгүн күн 12 градуска чейин жылый турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, кар жаабайт, шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с болуп, багыты өзгөрүлүп турат. Абанын температурасы күндүз +10…+12 градус, түнкүсүн —1…+1 градус болот. 

Ошондой эле, бүгүн Нарын облусунан тышкаркы бардык аймакты аба ырайы 0 градустан жогору болот. Талас өрөөнүндө +6…+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +7…+12, Баткен облусунда +6…+11, Ысык-Көл облусунда +2…+7, Нарын облусунда —4…-9 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0