ЖМК: Россиянын стратегиялык маанилүүлүгүн Батыш баары бир түшүнгөн жок

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүФлаги России, ЕС, Франции и герб Ниццы на набережной Ниццы
Флаги России, ЕС, Франции и герб Ниццы на набережной Ниццы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кансыз согуштун" аякташы Батыш үчүн Россия менен ачык мамиле түзүүгө себеп болгон жок, ошондой эле ал өзүнүн үстөмчүлүк аракеттерин чектөөнү оюна алган жок деп жазат Global Times of China гезити.

БИШКЕК, 8-янв — Sputnik. Украинадагы каатчылык Россия менен Батыштын ортосундагы талашып-тартышууларга себеп болуп, эми өз ара диалог жүргүзүү принциптери менен тең салмактуу дүйнөлүк тартиптин ордуна антагонисттик үлгүдөгү мамилелер келди деп жазат Кытайдын Global Times of China гезитине таянуу менен РИА Новости.

"Кансыз согуш" аяктагандан 20 жыл өтсө да, батыш мамлекеттери жалпы европалык коопсуздук системасын куруудагы Россиянын стратегиялык маанилүүлүгүн түшүнгөн жок. Батыштын коалициясы РФ үчүн "ачылууга" умтулган эмес, ал тургай, өз үстөмчүлүк аракеттерин чектей турган ою да жок болчу деп жазат гезит.

"Украинадагы окуялар Европада калыптанып калган коопсуздук үлгүсүн кыйынчылыкка алып келди. Түндүк атлантикалык пакт эми жетишсиздик кылууда. <…> Украинада тартиптин алмашуусу Россияны да жаман абалга калтырды. Себеби Украина Москванын геосаясий туруктуулугу үчүн жөн гана буфердик аймак эмес, ал славян цивилизациясынын тарыхый маанидеги олуттуу бөлүгүн түзөт", — деп чечмеленет материалда.

Города России. Москва - Sputnik Кыргызстан
Россияга карата жасалган санкциялар Европанын өзүнө сокку болот
Кызматташтыкка жана өз ара диалогго негизделген согуштан кийинки дүйнөлүк тартип жокко чыгып бара жатат деп жазат гезит. Анын ордуна аскердик тирешүүчүлүк кайра келип, Россия менен АКШнын ортосундагы мамилелер антагонизмге айланууда. Ал эми батыштын экономикалык жана саясий коомчулугуна кошулуу боюнча Украинанын жаңы бийлиги тандап алган багыты мамлекеттин көйгөйлөрүн чечпейт. Ошон үчүн аймактагы туруксуздук узакка созулуп, ал эми Киев Москва менен Вашингтондун мамилелериндеги тоскоолдук болуп кала берет.

Ошондой эле аталган гезит жаңыдан жаралуудагы геосаясий тартипте өнүгүп келе жаткан экономикалардын ролун белгилеген. Эл аралык мамилелерди реформалоо зарылчылыгы эбак эле пайда болгон, анын азыркы заманга туура келбестиги 2008-жылдагы экономикалык каатчылыктан кийин айкын көрүнгөн болчу. Ошентсе да, салттуу болуп калган улуу мамлекеттер батыштын баалуулуктарына негизделген эски дүйнө түбөлүк сакталат деген өжөр ой менен учурдагы дүйнөлүк тартипти карманууда. 

"Украинада каатчылыктын пайда болуп, андан ары күч алышы — бул эски саясий күчтөр менен өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ортосундагы оюн. Ал үзгүлтүксүз өзгөрүп турган дүйнөдө эл аралык мамилелердин жакшырылган, ак ниет системасы зарыл экендигин дагы бир жолу көрсөтүп турат", — деп жазат Global Times of China.

Жаңылыктар түрмөгү
0