Садыр Жапаровдун китебиндеги маалыматтарды укук коргоо органдары тыкыр текшерет

© Фото / пресс-служба ЖК КРАрхив: Садыр Жапаров
Архив: Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура "Ата-Журт" фракциясынын мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун "Саясатка аралашкан 10 жыл" аттуу китебиндеги маалыматтарды текшерип, аны жарыялаган интернет басылмаларга юридикалык баа бериле турганын билдирди.

БИШКЕК, 8-янв — Sputnik. Укук коргоо органдары Садыр Жапаровдун "Саясатка аралашкан 10 жыл" аттуу китебинде жазылган маалыматтарды текшерүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 151-156- беренелерине ылайык, жарандардын арыздарында же башка билдирүүлөрүндө жасалган, же жасоого даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу маалыматтар текшерилет. 

"Маалыматтар ырасталып, же ырасталбай калган учурда анда айыпталган же болбосо кылмыш жасагандыгы тууралуу атайылап жалган маалымат тараткан адамдарга карата кылмыш ишин козгоо тууралуу чечим кабыл алынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Садыр Жапаровдун аталган китеби учурда бир катар интернет басылмаларга жарыяланып, социалдык түйүндөрдө талкууланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0