Ишкерлер: каржы-соода аракеттерин улуттук валюта аркылуу жүргүзүү — патриоттуулук

Жазылуу
Эгер рынокто кытай акчасы юань пайдалуу курс менен жана жетиштүү санда болсо, эсептешүү мындай түрдө жүргүзүү мүмкүн. Бул биринчи кезекте товар алып келүүчүлөр кайсы валютаны артык көрө турганына жараша болот деп эсептейт ишкерлер.

БИШКЕК, 13-янв — Sputnik. Ишкерлер жана серепчилер КЭР менен улуттук валюталар аркылуу эсеп жүргүзүүгө өтүү тууралуу Sputnikтин кабарчысынын суроолоруна жооп беришти.

— ШКУ өлкөлөрүнүн отурумунда Казакстан улуттук акчалардын жардамы менен гана өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүп, доллардан көз карандылыкты жоюуну сунуштады. Кандай дейсиздер, силерге жана Кыргызстанга, мисалы, соода операцияларын юань жана сом менен жүргүзүү пайдалауу болобу?

Константин Пушленко, көмөкчү компьютердик жабдуулары алып келүү менен алектенген ишкер, эгер пайда алып келе турган болсо, мындай жол менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө өтүү мүмкүн экендигин белгиледи. "Эгер андай боло турган болсо, албетте, мен каршы эмесмин. Мүмкүн мындай эсептешүү жолу, ыңгайлуу да болор. Бирок баары юандын сомго карата курсуна жараша болот. Мисалы, эгер ишти Казакстан аркылуу жүргүзүү пайдалуу болсо, мен албетте барып долларды тенгеге алмаштырып, операцияны Алматыда жүргүзөм. Дегинкиси муну толук колдойм, анын үстүнө, бул патриоттуулук да болот", — деди Пушленко.

Рухсана Эсеналиева, элге таанымал кийимдин бир бренди менен алектенүүчү фирманын башкы бухгалтери баары товарларды бул жакка алып келүүчүлөргө жараша болот деп белгиледи. 

"Менимче, баары бир доллар менен эсептешкен ыңгайлуу. Бирок эгер рынокто кытай акчасы юань пайдалуу курс менен жана жетиштүү санда болсо, эсептешүү мындай түрдө жүргүзүү мүмкүн. Бул биринчи кезекте товар алып келүүчүлөр кайсы валютаны артык көрө турганына жараша болот, эгер бул сом — юань болсо, абдан кубанычтуу болобуз", — деп түшүндүрдү Эсеналиева.

Кийим тигүүчү жабдууларды алып келүү менен алектенген жеке ишкер Валерий Вишняков валюталык өз ара эсептешүүнүн мындай жолун ыңгайлуу деп эсептейт.

"Долларды сатып алуудан айырма акчаны жоготуп, доллардын курсунун айырмасынан чыгаша таап, курстун өйдө-ылдый болушунан тобокелдик кылуунун кереги эмне? Эгер өнөктөштөр биз менен макул болсо, мен юань жана сом менен эсеп жүргүзүүгө мүмкүн болчу жолго өтө берем. Деги эле доллар биз үчүн жөн гана ченегич, рыноктогу абалдын сызгычы болуп эсептелет", — деди Вишняков.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Кыял Биримкулованын айтымында, мындай эсептешүү жолуна өтүү үчүн көп иш жасалышы керек.

"Менимче, Кыргызстан, анын ишкердик чөйрөсү азырынча улуттук валюта менен эсеп жүргүзүүгө даяр эмес. Анын себеби валюта рыногундагы туруксуздук. Бирок эгер республика доллардан көз карандылыкты жойгусу келсе, бул багытта чаралар көрүлүшү керек. Эске ала турган нерсе, Улуттук банк да, башка каржы институттары да абдан чоң иш жасоолору зарыл", — деп баса белгиледи профессор.

Масимов ШКУ алкагында өз ара эсептешүүнү улуттук акчалар менен жүргүзүүгө өтүүнү сунуштады
Серепчинин маалыматына ылайык, акыр-аягында тышкы соода операцияларында эсептешүүлөрдүн мындай түрү өлкөнүн валюталык рыногун өнүктүрүүгө чоң таасирин тийгизет. 

Шанхай кызматташтык уюмунун катышуучуларына 2014-жылы 16-декабрда Казакстандын премьер-министри Карим Масимов өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валюталар аркылуу жүргүзүүнү сунуштаган.

Казак Республикасында бул жаатта Кытай Элдик Республикасы менен болгон айрым тажрыйбасы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0