Бишкектин жолдорун тазалоого "Тазалык" ишканасынын бардык техникасы чыкты

Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын балансындагы бардык 16 техника шаарды кардан тазалоого тартылды.

БИШКЕК, 15-янв — Sputnik. Бишкек мэриясынын "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таңкы саат алтыдан тарта жолдорду тазалоого киришкенин мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Архив: кар - Sputnik Кыргызстан
Ош-Бишкек жолу ачылып, автотыгын сээлдей баштады
Маалыматка ылайык, шаардын жолдорун түндө жааган кардан тазалоо үчүн ишкананын карамагындагы бардык 16 техника, 4 жүктөгүч жана тротуарларды тазалоо үчүн чакан 5 трактор чыккан. Ошондой эле, техникаларды коштоп 35 жумушчу тартылган. Андан сырткары 544 жумушчу да шаардын жолдорун кардан арылтуу аракетин көрүп жатат. Учурда шаардын жолдоруна кум жана туз чачылууда.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, миллиондон ашык киши жашаган шаар үчүн кеминде эле 150 машина керек. Бирок, ишкананын карамагында болгону 16 машина эле бар.. 

"Кыргызгидромет" билдиргендей, 15-январда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Бүгүн түнкүсүн —4 градус болсо, күндүз —3 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0