ӨКМ: сак болгула, тоолуу жолдордо көчкү түшүшү мүмкүн

© Sputnik / Владимир Иванов / Медиабанкка өтүүАрхив: кар көчкү
Архив: кар көчкү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолго чыккан жарандарды өлкө ичинде алты ири тоолуу жолдордо көчкү менен күрткүдөн абайлоосун эскертип жатат.

БИШКЕК, 15-дек — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул күндөрү автоунаа менен жолго чыккандарды ашуу жана тоолуу жолдордо сак болуусун эскертти. 

ӨКМ бүгүн, 16-январда жааган кардан Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек – Талас унаа жолунун 198-210-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Ысык-Көл облусундагы Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында көчкү түшүп, күрткү пайда болорун маалымдады. Мындай кооптуулук Ош облусундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Казарман – Акталчат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу) күтүлгөндүгүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0