Президент ЕАЭБге шайкештелген дагы бир мыйзамга кол койду

© Sputnik / Первенцев / Медиабанкка өтүүАрхив: Кыргызстандын жаратылышы
Архив: Кыргызстандын жаратылышы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча толукталган мыйзамга кол койду.

БИШКЕК, 15-дек — Sputnik. Кыргызстандын интеграциялык жаңы уюмга киришинин алкагында президент Алмазбек Атамбаев "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү" мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" мыйзамды толуктоого кол койду
Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – озон катмарын бузуучу заттарды колдонгондо айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды күчөтүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Евразия экономикалык биримдигинин алкагында тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык-укуктук актылар менен шайкеш келтирүү. 

Буга чейин да президент Евразия экономикалык биримдигине кирүүгө шайкеш келтирилген бир нече мыйзамдарга кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0