Президент Кыргызстанда конфессиялар аралык мамилелерди өнүктүрүү зарылдыгын айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев принял директора Государственной комиссии по делам религий Орозбека Молдалиева
Алмазбек Атамбаев принял директора Государственной комиссии по делам религий Орозбека Молдалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорун кабыл алган президент Атамбаев диний жааттагы абалды, бул боюнча кабыл алынган документти талкуулады.

БИШКЕК, 15-янв — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алып, өлкөдөгү диний жагдайды жөнгө салуу боюнча иштелип чыккан Концепция туурасында сүйлөштү.

Диндин улуттук коопсуздукка тийгизчү таасири көңүл борборуна алынат
Мамлекет башчысына "2014-2020-жылдарга каралган Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын" ишке ашырууда жасалып жаткан иштер боюнча маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн жана коомдун демократиялык өнүгүшү үчүн диний чөйрөдө Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын концепциясын натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы толеранттуулук жана диний сабырдуулук идеяларын бекемдөөнүн, ошондой эле дүйнөдө болуп жаткан окуялардын алкагында Кыргызстанда конфессиялар аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи.

Аталган концепция 2014-жылы иштелип чыгып, ноябрдын башында президенттин жетекчилиги менен өткөн Коргоо кеңешинин жыйынында бекитилген. Анда диний жагдайга кайрылган мамлекет башчысы диндин улуттук коопсуздукка тийгизчү таасири көңүл борборуна алынаарын, зарыл болсо тиешелүү чаралар көрүлөөрүн белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0