Оторбаев: КР боюнча өзгөчө кырдаалдардын саны 1,5 эсе төмөндөдү

Жазылуу
Премьер-министр ӨКМнын өткөн жылдагы ишине ыраазы болду.

БИШКЕК, 15-янв — Sputnik. 2014-жылы республика боюнча өзгөчө кырдаалдар менен алардын курмандыктарынын саны 1,5 эсе төмөндөдү деп билдирди КРдин премьер-министри Жоомарт Оторбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы менен жолугушууда. Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдиргендей, аталган жолугушууда ведомствонун өткөн жылдагы иш натыйжалары жана 2015-жылга карата пландары талкууланды.

"2014-жылы КРде 177 өзгөчө кырдаалдуу окуя болду, ал эми 2013-жылы бул сан 228ге жеткен. Окуялардын натыйжасында 62 адам каза таап, бул 2013-жылдын көрсөткүчүнөн 33кө аз болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен болгон материалдык зыян эки эсе көбөйүп, 455 миллиондон ашык сомду түздү. Бул зыяндын 80 пайызы Ысык-Көл областындагы жер титирөөнүн натыйжасында келтирилген", — деп баса белгиледи Оторбаев.

Министрлер кабинетинин башчысы өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо үчүн алдын ала чараларды көрүү өзгөчө маанилүү экендигин айтты. 

"Алдын ала чараларды көрүүгө каражат бөлүп берүүнү тездетүү үчүн өкмөт бардык күч-аракетин жумшап жатат. Өткөн жылы бекитилген ӨКМдин бюджети 1 миллиард 384 миллиондон ашык сомду түзүп, кийинчерээк дагы 32 пайызга көбөйтүлгөн", — деди Оторбаев.

Кубатбек Боронов бийик тоолуу көлдөрдө суунун көлөмүн азайтуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө, Өзгөчө жана катаал кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы боюнча жана республиканын аймагында өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүмдөрүн уюштуруунун принципиалдуу жаңы концепцияларын түзүү боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу премьер-министрге маалымат берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0