Мамлекеттик чек араны бузган Түштүк кореялык 5 жаран Таласта кармалды

© AFP / VIKTOR DRACHEVАрхив: кыргызско-узбекская граница
Архив: кыргызско-узбекская граница - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк кореялыктар мамлекеттик чек ара режимин билбестиктен бузган.

БИШКЕК, 15-янв — Sputnik. Талас облусунун Арал аймагында мамлекеттик чек ара режимин бузган Түштүк Кореянын 5 жараны кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз-кытай чек арасын бузган 3 кытай жараны кармалды
Чет элдик жарандар чек ара режимин билбестиктен бузуп алган. Алар Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары тарабынан кармалган. Чет элдик жарандарга административдик айып салынып, 1000 сомдон төлөгөндөн кийин коё берилген.

Жыл жаңырары менен кыргыз-кытай чек арасын бузган 3 кытай жараны да кармалган. Алар Кытай Эл Республикасынан Кыргызстандын аймагына өтүүгө аракет кылышкан. Алардын жанында ким экендигин аныктай турган документтери болгон эмес. Кармалгандар Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы Кызыл-Суу кыргыз автономдуу аймагындагы Жамансуу айылынын тургандары экенин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0