ЖМК: Сауд Аравиясы мунайдын баасы боюнча АКШны утуп чыгат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДобыча нефти в городах Ханты-Мансийского автономного округа
Добыча нефти в городах Ханты-Мансийского автономного округа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мунай баасынын кескин төмөндөшү башынан Сауд Аравиясындагы баа күрөшүнөн пайда болгон. Жана жакынкы арада кара алтындын баасы канчалык түшпөсүн, утуш Эр-Рияддыкы болот, себеби ал үчүн мунайдын өздүк наркы өтө төмөн. Ал эми Америка сыяктуу өлкөлөр жөнүндө мындай деп айта албайсың деп жазышат чет элдик ЖМКлар.

БИШКЕК, 15-янв — Sputnik. Мунайзат тармагындагы серепчилер мунайдын баасы эң төмөн чегине жеткендигин, ошол эле учурда дүйнөдө мунайдын баасы жогорулап бара жаткан жаңы рыноктун жаралышын айтууда деп жазат Barron's Япониянын Nomura Securities эң ири компанияларынын бирине таянуу менен. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.

Nomura Securities компаниясынын пикиринде, үстүдөгү жылдын башында бир баррель мунайдын баасы 45 доллар болот, ал эми II кварталда ал орто эсеп менен 10 долларга көтөрүлүп, жылдын аягында болсо, 80 доллардын чегине келип токтойт. 

Мунайзат рыногу андагы баанын төмөндөшү суроо-талаптын төмөндүгүнө байланыштуу болгондо олуттуу кыйынчылыктарга туш келет. Бирок азыр баа "убактылуу баа күрөшүнүн" себебинен түшүп жатат. Бул согушту Сауд Аравиясы суроо-талап азайгандан баштаган жок, себеби мунайды пайдалануу дүйнөдө мурда болуп көрбөгөндөй жогору деп жазат басылма Nomura Securitiesтин талдоочуларына таянуу менен.

Доллар менен евро 2015-жылдын алгачкы күнүндөгү сатууларда 2 рублга өстү
1986-жылдагыдай эле, Сауд Аравиясы баалардын бул согушунда кайра эле жеңип чыгат, себеби мунайды өндүрүүнүн өздүк наркы Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө эң төмөн болуп эсептелет. Аталган аймакта бир баррель мунайзатын өндүрүү 15-40 доллар турат, ал эми баа 50 доллардан төмөн бойдон кала турган болсо, дүйнөдөгү мунайга байланышкан долбоорлордун жарымы киреше жагынан анча жагымдуу болбой калат. 

Ошону менен бирге америкалык мунай өндүрүүчүлөрү баанын түшүүсүнүн кесепеттерин өз башынан өткөрүүгө үлгүрүштү: январдын башынан тартып АКШда бургалоочу курулуштардын саны олуттуу кыскарды, компаниялар өз штаттары менен 2015-жылга карата бюджеттерин кыскарта баштады деп белгилейт басылма.

Америкалык өндүрүүчүлөр утулуп бара жатат деген пикирди Motley Fool каржы компаниясынын серепчиси Тревис Хоиум да CNN үчүн жазган макаласында билдирет. Анын ою боюнча, америкалык мунайзат ишканалары ким менен: трейдерлер мененби, ОПЕК өлкөлөрү мененби, Россия же башка бир рынок күчү мененби — күрөшүп жаткандыгы белгисиз. Соодалардын жүрүшүндө WTI фьючерстери бир баррель үчүн 45 доллардан төмөн, ал эми Brent 50 төмөн сатылып жатканына караганда, АКШ утулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0