Сарпашев: бензинди баасы дагы 5-6 сомго түшүшү мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаправка автомобиля топливом
Заправка автомобиля топливом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев күйүүчү майдын баасы дагы 5-6 сомго түшүшү мүмкүн экендигин айтты.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев күйүүчү майдын баасы акыркы бир жарым ай ичинде 6 сомго түшкөндүгүн белгилеп, мындан ары да 5-6 сомго арзандашы мүмкүндүгүн айтты. Бул туурасында ал Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

"Муну белгилей кетиш керек, акыркы бир жарым айдын ичинде бензиндин баасы 6 сомго арзандады, мындан ары да 5-6 сомго түшүшү мүмкүн", — деди Сарпашев угармандардын суроолоруна жооп берип жатып.

Биринчи вице-премьер-министр эгерде өлкө ичиндеги мунайды кайра иштетүүчү заводдор толук иштесе, бул жаатта абал жакшырарын айтты. 

"Кочкор-Атадагы, Кара-Балтадагы жана Токмоктогу мунайды кайра иштетүү заводдору толук ишке кирсе, Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү керектөөсүн толук жабат. Бизде мунай болсо, күйүүчү майды ташып келип отурбай эле муктаждыгыбызды жабуу мүмкүнчүлүгүбүз бар", — деди Сарпашев.

Өкмөт мүчөсү Россиядан башка өлкөлөрдөн мунай заттары арзан баада алуу мүмкүнчүлүгү болсо, сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экендигин да кошумчалады. 

"Темир жол аркылуу башка жактардан ташып келсек болот, бирок, Россиядан ташып келген күйүүчү майдын баасына салыштырмалуу да, атаандаштыкка чыдабай, наркы кымбат болуп калышы мүмкүн. Эгерде Түркмөнстандан, Ирандан алып келе турган продукцияларга баа арзан болсо, биз сүйлөшүүгө даярбыз, бирок, муну жеке компаниялар алып келиши керек", — деди ал.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы өткөн жылдын 27-декабрынан тарта өлкөнүн бардык аймактарында бензиндин эки түрү эки сомго арзандагандыгын билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0