Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамын аныктоо башталды

© Sputnik / Алексей БукчинАрхив: шайлоо
Архив: шайлоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына кирүү үчүн 26 саясый партиядан документтер келип түштү.

БИШКЕК, 16-янв — Sputnik. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (БАШК) курамына кирүү үчүн 26 саясый партиядан документтер келип түшкөнүн аталган комиссия билдирди.

Учурда БАШК келип түшкөн документтерди шайлоо жөнүндөгү мыйзамдардын талаптарына шайкештигин текшерип жатат.

Бишкек шаарындагы аймактык шайлоо комиссиясынын курамын бекитүүдө чүчү кулак кармалат. 

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан орун алууну үчүн документтерин тапшырган саясый партиялардын тизмеси:

 

  1. "Эмгек" 
  2. Кыргызстандын ардагерлери жана жаштары
  3. "Жаңы – Мезгил"
  4. "Өнүгүү – Прогресс"
  5. Мамлекеттик биримдик жана мекенчил
  6. "Эгемен Кыргызстан"
  7. "Ата Мекен"
  8. "Азаттык" демократиялык партиясы
  9. Кыргызстан курулушчуларынын партиясы
  10. "Туран"
  11. "Кыргызстандын демократиялык кыймылы" партиясы
  12. "Ак-Ниет"
  13. КСДП
  14. "Көз карандысыз жашоо"
  15. "Акшумкар"
  16. "Кыргызстандын Коммунисттер партиясы"
  17. "Замандаш"
  18. "Өнүгүү Кыргызстан"
  19. "Республика – Ата-Журт"
  20. "Мекен Ынтымагы"
  21. "Республика"
  22. "Ата-Журт"
  23. "КУТ"
  24. "Ар-Намыс"
  25. "Ак Калпак"
  26. "Бүтүн Кыргызстан"

 

Жаңылыктар түрмөгү
0